Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Октябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 17:27

Аба ырайы: бийик тоолуу аймактарда кар жаайт


3-октябрда түнкүсүн Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым жерлеринде, Жалал-Абад облусунун тоолуу райондорунда жаан, бийик тоолуу райондорунда кар жаашы мүмкүн. Жалал-Абад облусунун дыйканчылык аймактарында жана Чүй, Талас, Ош, Баткен облустарында жаан-чачын болбойт.

Күндүз Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым жерлеринде жаан, бийик тоолуу райондорунда кар жаайт, калган аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт.

Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.

Абанын температурасы:

Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 6…11, күндүз 18…23,

Талас жергесинде түнкүсүн 1…6, күндүз 16…21,

Баткен, Ош, Жалал-Абад аймактарында түнкүсүн 8…13, күндүз 22…27,

Ысык-Көл дубанында түнкүсүн 4…9, күндүз 12…17,

Нарын облусунда түнкүсүн -1…+4, күндүз 13…18,

Бийик тоолуу аймактарда түнкүсүн -3…-8, күндүз 0…5.

Бишкекте жаан-чачын жаабайт. Абанын түнкү температурасы 9…11°, күндүзгү температурасы 21…23 градус болот.

XS
SM
MD
LG