Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
21-Сентябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 06:43

Юрист: Ногойбаевага убагында медициналык жардам көрсөтүлгөн эмес


Асел Ногойбаеванын бычакталышы боюнча маалымат жыйында тартылган сүрөт.
Асел Ногойбаеванын бычакталышы боюнча маалымат жыйында тартылган сүрөт.

Сокулук районунун Селекция айылында күйөөсү бычактаган Асел Ногойбаевага убагында медициналык жардам көрсөтүлбөгөнүн анын юристи Индира Саутова 2-октябрда маалымат жыйында билдирди.

"Окуя таңкы саат 7:30-8:00 чамасында болсо, милиция кызматкерлери жарадар келинди ооруканага 10до жеткирип, ага биринчи жардам көрсөтүлгөн. Бул убакыт ичинде Асел каза болуп калышы толук мүмкүн эле. Тез жардам чакырса нөөмөт алмашып жатканын айтып, Сокулукка алып баргыла дешкен. Мындан улам “Тез жардам” кызматкерлеринин жоопкерчилиги боюнча Башкы прокуратурага кайрылуу жолдодук", - деди Саутова.

Ал эми адвокат Улан Сейитбеков укук коргоо кызматкерлеринин шалаакылыгы боюнча Башкы прокуратурага арызданышканын билдирди.

Саутова кылмышка шектүү адамды пробациялык мөөнөткө бошотуу чечими чыккан сот процесси судьянын иш бөлмөсүндө өткөнүн айтты. Ал жерде камера, үн жаздыруучу аппараттар болбогонун, отурум беш мүнөткө гана созулганын белгиледи.

Бул боюнча сот комментарий бере элек. Келинге өз маалында медициналык жардам албаганы тууралуу Саламаттык сактоо министрлиги да маалымат бере элек.

Окуя 20-сентябрда болгон, 36 жаштагы аял бычакталып, ооруканага түшкөн. Кылмышка шектүү катары анын мурдагы күйөөсү, 39 жаштагы жаран кармалган.

Улуттук госпиталдын башкы дарыгери Бакыт Төлөгөнов келинге алгач сегиз сааттык операция жасалганын айткан.

Фактыга байланыштуу Кылмыш-жаза кодексинин 130-беренесинин ("Денеге оор залал келтирүү") негизинде кылмыш иши козголуп, тергөө уланып жатат.

Жогорку Соттун төрагасы Замирбек Базарбеков келиндин иши боюнча кеңешме өткөргөндө бычактоого шек саналып кармалган жаранга буга чейин эки жолу зордуктоо беренеси менен кылмыш иши козголгону, ал пробация менен бошотулганы белгилүү болгон.

Асел Ногойбаева жабыркагандан бери 1-октябрда биринчи жолу үн катып, мурдагы күйөөсүнүн зөөкүрлүгү тууралуу укук коргоо органдарына бир канча жолу кайрылганын, бирок ага каршы чара көрүлбөгөнүн айткан. Анын билдирүүсү боюнча Ички иштер министрлиги комментарий бере элек.

Үрөй учурган окуя коомчулукта кызуу талкуу жараткан жана зордук-зомбулук маселеси парламентте дагы көтөрүлгөн.

Расмий маалыматка ылайык, Кыргызстанда быйыл жыл башынан берки сегиз ай ичинде үй-бүлөлүк зордук-зомбулукка байланыштуу 8,5 миңден ашык факт катталган.

XS
SM
MD
LG