Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 13:55

Алиев Пашинян менен Испанияда жолугушуудан баш тартты


Никол Пашинян жана Илхам Алиев.
Никол Пашинян жана Илхам Алиев.

Азербайжандын президенти Илхам Алиев Армениянын премьер-министри Никол Пашинян менен беш тараптуу жолугушууга катышуудан баш тартканын АПА агенттиги билдирди. Ал 5-октябрда Испаниянын Гранада шаарында өтүшү керек.

Жыйынга Европа Кеңешинин төрагасы Шарль Мишель, Франциянын президенти Эммануэл Макрон жана Германиянын канцлери Олаф Шольц да катышары күтүлүүдө.

Маалыматка ылайык, Алиев жыйынга Түркиянын өкүлдөрүнүн катышуусун талап кылып, бирок мунаса табылган эмес. Буга өзгөчө Германия менен Франция каршы чыкканы, мындан тышкары, Алиев Мишелдин сүйлөшүүлөргө катышуусуна нааразы экени айтылууда.

Буга чейин ал Азербайжандын эл аралык коомчулук тааныбаган Тоолуу Карабакта аскердик операция баштоо чечимине нааразылыгын билдирген.

19-сентябрда Баку Тоолуу Карабакта антитеррордук операция баштаган. Жикчил аймактын бийлиги 20-сентябрда Азербайжандын шарттарына баш ийип, багынып берүүгө макул болгон жана көп өтпөй ал жактан армян тектүү жарандар жапырт чыгып кете баштаган.

Азербайжанды "этностук тазалоого" айыптаган Армения БУУнун эл аралык сотуна Бакуга каршы арыз жолдогон.

Азери өкмөтү Тоолуу Карабакта жашагандардын коопсуздугуна кепилдик берилерин, аларды азери коомуна "реинтеграция" кылуу аракетин көрүп жатканын билдирген.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG