Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Июль, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 00:43

Алматы: күбөдөн шектүүгө айланган кыргыз жараны


Полиция тергөө абагынын алдында турат. Сүрөт "Азаттыктын" архивинен алынды.
Полиция тергөө абагынын алдында турат. Сүрөт "Азаттыктын" архивинен алынды.

Алматыда жашаган кыргызстандык Фарходжoн Эркинбаев тергөө учурунда жалган көрсөтмө берүүдөн баш тарткандан кийин күбөдөн шектүүгө айланып, азыр иши сотко өткөнү белгилүү болду.

Туугандары ал тергөө абагында кысымга кабылганын айтышууда.

Адвокаттын айтымында, кыйноолор боюнча иш жана тергөө жай жүрүп жатат.

"Жалган күбө болууга мажбурлап..."

43 жаштагы Кыргызстандын жараны Фарходжoн Эркинбаев Алматыдагы чакан пластик терезелерди чыгарган заводдо инженер болуп иштеген. Анын аялы Зарина Машрапова - Казакстандын жараны. Аялынын айтымында, үй-бүлөсүндө алты баланы тарбиялап, жөнөкөй турмуш-тиричилик кылган Фарходжoнду полиция кызматкерлери биринчи жолу 2022-жылы күзүндө камакка алышкан.

"Биринчи жолу былтыр ноябрда унаа оңдоочу жайдан кармалган. Уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөшүү башкармалыгынын кызматкерлери аны шаардык ички иштер бөлүмүнө алып кетишкен. Кечинде ал конспиратордук батирге камалган. Эртеси аны полиция бөлүмүнө алып келип, суракка алып, кечинде кайра батирге алып кетишкен. Ошентип ал сотто "өзүн коргоого укугу бар күбө" деген негизде үч суткага камалып, бошотулган", - дейт Зарина Машрапова.

Фарходжон Эркинбаев (солдо) жубайы Зарина Машрапова. Сүрөт үй-бүлөлүк архивден алынды.
Фарходжон Эркинбаев (солдо) жубайы Зарина Машрапова. Сүрөт үй-бүлөлүк архивден алынды.

Адвокат Галым Нурпейисовдун айтымында, полиция Фарходжoн Эркинбаевди "ири суммадагы акчаны уурдап алган" деп айыпталып жаткан "А" аттуу адамга каршы көрсөтмө берүүгө көндүрүүгө аракет кылган:

"Ал досуна каршы көрсөтмө берүүдөн баш тарткан. Былтыр кызматкерлер аны кармап, андан төрт миллион теңгеге жакын акча өндүрүп алышкан. Ал акчаны берип, араң кутулган. Бирок үстүбүздөгү жылдын март айында кайра эле кармап, сабап, бул жолу аны күбө эмес, шектүү кылып коюшкан".

"Кийими кан, топурак"

Эркинбаев экинчи жолу Алматыдагы май куюучу жайлардын биринен камакка алынган. Уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөшүү башкармалыгынын кызматкерлери аны шаардык полиция бөлүмүнө алып барышкан. Кийинчерээк ал 15 суткага тергөө изоляторунун убактылуу кармоочу жайына камалган.

Алматы шаарынын тез жардам кызматынын 2023-жылдын 30-мартында бейтап Фарходжон Эркинбаевге медициналык жардам көрсөтүү тууралуу каты.
Алматы шаарынын тез жардам кызматынын 2023-жылдын 30-мартында бейтап Фарходжон Эркинбаевге медициналык жардам көрсөтүү тууралуу каты.

Адвокат Нурпейисов Фарходжон Эркинбаев кармалган күндөн тарта кыйноого алынганын, ошол күнү полиция бөлүмүнө тез жардам кызматы чакырылганы буга далил экенин айтат.

"Эркинбаев 30-март күнү күндүз кармалып, ошол күнү кечинде саат 6:30дар чамасында убактылуу кармоочу жайга тез жардам чакырылган. "Тез жардам" кызматынын кагазында Масанчи көчөсүндөгү №55 даректен Фарходжoн Эркинбаевге чакырылганы, көкүрөгү ооруп кайрылган бейтаптын абалы "орточо" деп жазылган. Аны бөйрөккө, курсагына жана башка жумшак жерлерине тепкилешкен. Муну жашыруу үчүн 15 күн эч ким менен жолуктурулган эмес. Алар, албетте, аны кыйноого алышканын четке кагышат. Бирок алар тепкилебесе, убактылуу кармоочу жайга аман-эсен кирген кишиге беш-алты саат өткөндөн кийин эмне үчүн тез жардам чакырышат?" – дейт адвокат.

Заринага күйөөсү кармалгандан төрт күндөн кийин гана жолугууга уруксат берилген:

"Мен аны биринчи көргөндө коркуп кеттим, бети капкара болчу. "Мени бул жерден алып кеткилечи, менин такыр тиешем жок" деп атты. Жаныбызда СИЗОнун кызматкерлери болгондуктан, "мени кыйнап жатышат" деп айта албады, айтса жаман болорун билди. Ага тез жардам чакырылганын адвокаттар суроо бере баштаганда гана билдик. Мага Фарходжoндун кийимдерин беришти. Кийимдери кан, жерге жаткандай баткак, чаң болчу. Балдар көрбөсүн деп коркуп, ыргытып жибергем. Көрсө алар кыйноого кабылганынын далили болмок экен. Мен аны билген эмесмин".

Фарходжoн Эркинбаев март айынан бери Алматыдагы №72 Тергөө абагында камакта.

Жашыруун аудио

Камалгандан 15 күндөн кийин Эркинбаев тергөө сотунун чечими менен убактылуу кармоочу жайдан Тергөө абагына которулган. Ал бир айласын таап, кичинекей үн жаздыргыч аппарат ала кирет. Ошентип ал кийимине катып койгон диктофонго укук коргоо кызматкерлери менен болгон сүйлөшүүнү жаздырган.

Адвокат Нурпейисов аудионун сапаты начар, бирок психологиялык-филологиялык жана психологиялык-криминологиялык экспертизага ылайыктуу экенин айтат.

"Уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөшүү башкармалыгынын кызматкерлери күч эмес, психологиялык кысым көрсөтүү ыкмаларын колдонушкан. Кийинчерээк бул жазууларга экспертиза жүргүзүлдү. Анда "Х"га психологиялык басымдын түз белгилери байкалбайт, бирок аны макул болууга, 140 акча бирдигин алгандыгын моюнга алдырууга багытталган психологиялык мажбурлоонун белгилери бар делет", - дейт адвокат Нурпейисов.

Бул экспертизада айтылган "140 акча бирдиги" - иш материалдарында көрсөтүлгөн 140 миң доллар.

Кыйноо боюнча иш эмнеге кеч козголду?

Кыргызстандык Фарходжон Эркинбаевге козголгон эки иш азыр тергелип жатат. Биринчиси былтыр күзүндө Эркинбаевдин сабалышы боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 362-беренеси ("Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу") боюнча козголгон. Экинчиси үстүбүздөгү жылдын март айында болгон окуяга байланыштуу 146-берененин негизинде ("Кыйноо, катаал, адамгерчиликсиз мамиле же кадыр-баркты басмырлоо") ачылган.

Казак адвокат диктофондогу жазуу болбогондо кыйноо фактысын далилдөө мүмкүн болмок эмес дейт:

Алмалы районунун прокурору Бауыржан Эртаевдин СИЗОдо камакта жаткан Кыргызстандын жараны Фарходжон Эркинбаевди жабырлануучу катары таануу чечими. Алматы, 22 август, 2023 жыл
Алмалы районунун прокурору Бауыржан Эртаевдин СИЗОдо камакта жаткан Кыргызстандын жараны Фарходжон Эркинбаевди жабырлануучу катары таануу чечими. Алматы, 22 август, 2023 жыл

"Кылмыш-жаза кодексинин 146-беренеси боюнча иш беш айдан кийин гана козголду. Учурда Уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөшүү башкармалыгынын үч кызматкери күбө катары каралууда. Дагы бир тергөөчү болгон, бирок анын статусу азыр белгисиз. Кыйноолор боюнча кылмыш ишин козгоого көп күч жумшалды".

Адвокат Нурпейисов бул иште абдан маанилүү нерсе бар экенин баса кошумчалады:

"362-беренеде жабырлануучу мамлекет, ал эми Эркинбаев экинчи даражадагы адам, арыз берүүчү деп эсептелет. Башкача айтканда, “кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу” кылмышынын объектиси жеке адам эмес, укук коргоо органдарынын системасындагы нормалдуу башкаруу болуп саналат. Ал эми кыйноо жеке адамга карата жасалган кылмыш болгондуктан, анын объектиси - адам укуктары, мамлекеттик башкаруу экинчи орунда турат", дейт юрист Нурпейисов.

Учурда кыйноолор боюнча ишти Алматы шаарынын Алмалы райондук прокуратурасы тергеп жатат.

Адвокат Галым Нурпейисов кошумчалагандай, тергөө маалында Фарходжoн Эркинбаев менен үч кызматкер бетме-бет көрүшкөн. Алар кыргызстандык жигитти ур-токмокко албаганын, кысым көрсөтпөгөнүн айтышкан.

"Азаттыктын" полиция кызматкерлеринен жана алардын адвокаттарынан, жакындарынан жана мыйзамдуу өкүлдөрүнөн комментарий алуу аракетинен майнап чыккан жок, алардын бири да сүйлөшүүгө даяр эмес.

Ишти тергеп жаткан тергөөчү Мухтар Жанабайулы иштин купуялуулугун шылтоолоп, маалымат берүүдөн баш тартты. Ал тергөө качан бүтөрү белгисиз экенин айтуу менен гана чектелди.

Күбөдөн шектүүгө айлануу

"А"га карата козголгон кылмыш иши боюнча Фарходжон Эркинбаев шектүү деп табылып, ал көрсөтмө берүүдөн баш тарткан. Бул ишти Алматынын кылмыш иштери боюнча адистештирилген райондор аралык соту август айынан бери карап жатат.

Фарходжон Эркинбаевге "Алдамчылык", "Уюшкан кылмыштуу топко катышуу", "Ири өлчөмдөгү пара берүү" жана "Ээнбаштык" деген төрт берене боюнча айып тагылган.

Айыптоо корутундусунда "Эркинбаев кылмыштуу топтун мүчөсү катары ар кандай адамдардын ишеничине кирип, акчасын кымырып алуу менен алектенген, ал топту "А" башкарган" деп жазылат.

Кылмыш ишинде үч жабырлануучу бар. Бул иш боюнча Эркинбаевди коргоп жаткан адвокат Евгений Сартин анын күнөөлүү экенине эч кандай далил жок экенин белгилейт. Адвокат Фарходжон Эркинбаев таанышына козголгон иштин күтүүсүз курмандыгы болду деген ойдо.

"Ага "бизге сенин керегиң жок, досуңду күнөөлүү деп көрсөтмө бер, анан кете бер" дешти. Жалган көрсөтмө берүүгө макул болбогон Фарходжoнду менин көзүмчө да, аялынын көзүнчө да көндүрүүгө аракет кылды. Кийин аялын чыгарып, "көрсөтмө бербесең, соттолосуң" деп кысымга алышты. Ал эч кимди каралагысы келбегенин, сөзүнөн кайтпай турганын, азыр шектүү катары соттолуп жатканын айтты", - дейт Эркинбаевдин жактоочусу.

Сартин Эркинбаевге коюлган айыптардын кымындай да далили жок дейт:

"Акча берилгенде Фарходжoн ал жерде жок болчу. Пара алуучулар аны көргөн эмес, бирок тергөө анын тиешеси бар экенин айтып, сотко жөнөткөн. Бир гана жабырлануучу "Фарходжoнгo акча бердим" дейт, бирок анын сөзүнө эч кандай далил жок. Башкача айтканда, Фарходжoндун "акчаны алган жокмун" дегени жабырлануучунун "акчаны Фарходжoн алды" дегенине гана карама-каршы келет.

Айыптоо корутундусунда жабырлануучулардын 176 миллион теңге (370 миң долларга жакын) акчасын уюшкан кылмыштуу топ алдамчылык жолу менен уурдап кеткени айтылат.

Автор Маншук Асаутай. Макаланы казак тилинде бул жерден окуй аласыз.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG