Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Июнь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 06:39

Израилдеги 40тан ашуун кыргызстандык чыгып кетүүгө даяр


Израил.
Израил.

Израилдеги 40тан ашуун Кыргызстандын жараны эвакуациялык рейстер менен чыгып кетүүгө даяр экенин Кыргызстандын Түркиядагы жана Израилдеги элчиси Руслан Казакбаев "Азаттыкка" билдирди.

Анын айтымында, Израилдеги жарандарга чартердик аба каттамдары аркылуу чыгып кетүү сунушталган.

Маалыматка караганда, жаңжал башталгандан бери Израилден Кыргызстандын төрт жараны чыгып кеткен. Дагы төрт кыргызстандык Иордания жана Грузия аркылуу Бишкекке кетүүгө камынып жатат.

Казакбаев кошумчалагандай, элчилик Израилдин компетенттүү органдары, Израилдин Анкарадагы элчилиги, Тель-Авивдеги бир катар өлкөлөрдүн дипломатиялык миссиялары менен байланышта.

Элчилик жарандарга чалууну улантып, Израилде жашаган Кыргызстандын жарандарынын актуалдуу тизмесин түзүүдө. Учурда тизмеде 93 адам бар.

Батыш өлкөлөрү террордук кыймыл деп тааныган ХАМАС Израилге 7-октябрда кол салып, 1400дөй карапайым тургундун өмүрү кыйылган. Миңдеген адамдар жараат алды.

Экстремисттик топ канча адамды барымтага алганы белгисиз. ХАМАСтын жетекчилиги 200дөй киши туткунда экенин билдирсе, Израил бийлиги 150дөн ашуун экенин айтууда. Алардын канчасы чет өлкөлүктөр экени тууралуу так маалымат жок.

Кол салуудан кийин Израил армиясы - ЦАХАЛ Газа тилкесине абадан сокку уруп жатат. Газанын Саламаттык сактоо министрлиги соккудан каза болгондордун саны 2800гө, жарадарлар 10 миңге чамалаганын кабарлады.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG