Орусиянын армиясынын 18-октябрга караган түнү Украинанын түштүгүндөгү Запорожье шаарына жасаган аба чабуулунан эки карапайым тургун мүрт кетип, төрт киши жараат алды. Үч кишинин дайыны табылбай жатканын украин бийлиги билдирди.
Ракеталардын бири карапайым тургундар жашаган үйгө тийгенин Запорожье шаардык кеңешинин катчысы Анатолий Куртев Телеграмга жазды.
Украинанын президенти Владимир Зеленский чабуулду айыптаган билдирүү жасап, "терррордук мамлекет адилеттүү жазасын алышы үчүн колдон келген аракетин көрүүгө" убада кылды.
«Террорчулардын ракеталык соккулары инфратүзүмдөргө, турак-жайга, жөнөкөй беш кабатуу үйгө тийди. Сегиз батир талкаланды. Жаракат алгандар, курман болгондор бар. Урандылардын алдында кишилер болушу мүмкүн. Издөө, куткаруу иштери уланууда»-деп жазды Зеленский "Фейсбукка".
Орусиянын Коргоо министрлиги сокку тууралуу комментарий берген жок.