Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 10:59

Лавров Пхеньяндын Украинадагы согушту колдогонун кубаттады


Орусиянын жана Түндүк Кореянын тышкы иштер министрлери. Пхеньян. 19-октябрь, 2023-жыл
Орусиянын жана Түндүк Кореянын тышкы иштер министрлери. Пхеньян. 19-октябрь, 2023-жыл

Орусиянын жана Түндүк Кореянын тышкы иштер министрлери 19-октябрда Пхеньяндагы жолугушууда эки өлкөнүн байланыштарын кеңейтүүнү кубатташты.

Сүйлөшүүлөрдө аскердик кызматташууну өнүктүрүү жөнүндө сөз болору буга чейин болжолдонуп келген.

Орусиянын башкы дипломаты Сергей Лавров шаршембиде Түндүк Кореяга эки күндүк визитин баштап жатып, ал өлкөнүн жетекчилигине Украинага каршы согушту колдогону үчүн ыраазычылык айтты. Коммунисттик Кореянын мамлекеттик маалымат каражаттары кабарлагандай, Лавров Пхеньянды "АКШ менен Батыштын басым-кысымына моюн сунбаганы үчүн" мактады.

Бир нече күн мурун АКШ Түндүк Кореянын Украинадагы согуштук аракеттерде керектөө үчүн Орусияга миңден ашык контейнер аскердик техника жана ок-дары жөнөткөнүн айыптаган. Ак үй бул БУУнун Коопсуздук Кеңешинин Түндүк Корея менен курал соодасына тыюу салган резолюцияларын бузарын белгилеген.

Пхеньян Орусияга курал жөнөткөнүн четке кагып келет, бирок Сеулдун расмий өкүлдөрү Түндүк Кореянын Москвага берген куралы Украинада мурда эле колдонулуп келгенин билдирди.

Өткөн айда Түндүк Кореянын лидери Ким Чен Ын Орусияга барып келген.

XS
SM
MD
LG