Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 10:40

Айжигитов коммерциялык банктардагы пайыздын жогорулугу инфляцияга себеп болуп жатканын айтты


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Жогорку Кеңештин "Элдик" депутаттык тобу "Альянс", "Ынтымак", "Бүтүн Кыргызстан" жана "Ыйман Нуру" фракциялары менен чогуу бүгүн, 20-октябрда Кыргызстандын 2024-жылга республикалык бюджетинин долбоорун карап жатат.

Жыйында депутат Султанбай Айжигитов Кыргызстанда инфляция катуу темпте жогорулап баратканын айтты. Ал мунун бир себеби катары коммерциялык банктардагы насыялардын үстөк пайызы өтө кымбат болуп жатканын белгиледи.

"Бүгүнкү күнү дээрлик ар бир үйдө насыя алгандар бар. Насыянын үстөгү кеминде 30-33%. Кымбатчылык ушул жерден чыгууда. Мындай үстөк менен насыя алгандар чыгарган азыктар менен көрсөткөн кызмат акысы шыр эле 30% кымбаттап кетүүдө. Ушинтип үстү-үстүнө үйүлүп отуруп, бул күчөп кетет. Эгер биз ушул бойдон унчукпай жол берип, кете берсек, экономикабызды туңгуюкка кептеп алабыз", - деди Айжигитов.

Экономика жана коммерция министри Данияр Амангелдиев инфляциянын себебин импортко байланыштырды. Ал азык-түлүк дээрлик толугу менен сырттан сатылып алынгандыктан, баа өсүп жатканын айтты. Министр айлыкты көтөрүү, жеңилдиктерди берүү да инфляцияны токтотуу максатында болгонун кошумчалады.

Депутат Айжигитов өкмөттүн айлык акыны көтөрүү, жеңилдиктерди берүү аракети инфляцияны токтото албасын эскертти.

Экономика жана коммерция министри Данияр Амангелдиевдин депутаттарга берген маалыматында, бүгүнкү күнгө карата инфляциянын деңгээли 11% кармалып келе жатат.(ZKo)

XS
SM
MD
LG