Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Ноябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 04:09

Аба ырайы: Көпчүлүк аймактарда жаан жаайт


23-октябрда түнкүсүн Жалал-Абад облусунун айрым жерлеринде жаан жаап, тоолуу райондорунда карга айланат. Күндүз көпчүлүк аймактарда жаан жаап, тоолуу аймактарда кар түшөт. Чүй, Ош, Жалал-Абад, Баткен, Ысык-Көл облустарынын айрым жерлеринде жаан-чачын катуу жаайт.

Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, күндүз айрым жерлерде 15-20 метрге жетет.

Абанын температурасы:

Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 4…9, күндуз 10…15;

Талас өрөөнүндө түнкүсүн 2…7, күндүз 10…15;

Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн 7…12, күндүз 15…20;

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн 1…6, күндүз 13…18;

Нарын облусунда түнкүсүн -4…+1, күндүз 11…16.

Бишкекте түнкүсүн жаан-чачын жаабайт, күндүз жаан жаайт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метр.

Абанын температурасы түнкүсүн 7…9°, күндүз 13…15° жылуу болот.

XS
SM
MD
LG