Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 09:49

ШКУ: Бишкек уюшкан кылмыштуулукка каршы борбор түзүүнү сунуштады


Бишкекте ШКУга мүчө өлкөлөрдүн өкмөт башчыларынын жыйыны өтүп жатат.
Бишкекте ШКУга мүчө өлкөлөрдүн өкмөт башчыларынын жыйыны өтүп жатат.

Шанхай Кызматташтык Уюмуна (ШКУ) мүчө өлкөлөрдүн өкмөт башчыларынын жыйынында Кыргызстандын Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Бишкекте эл аралык уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөшүү борборун түзүүнү сунуштады. Ал бул тууралуу 26-октябрда “Ала-Арча” мамлекеттик резиденциясындагы жыйында айтты.

"Бүгүнкү күндө ШКУ дүйнөнүн динамикалуу өнүгүп жаткан аймагы. Уюмга мүчө өлкөлөрдүн жалпы калкынын саны 3,3 миллиарддан ашуун адамды же дүйнө элинин 42% ашыгын түзөт", - деди Жапаров.

Өкмөт башчы өнүктүрүү банкын жана ШКУнун өнүктүрүү фондун түзүү маселеси да көптөн бери талкууланып келатканын, уюмга мүчө мамлекеттер бул маселе тууралуу бир чечимге келиши керек деген пикирин кошумчалады.

"Бул түзүмдөр, биздин көз карашыбыз боюнча, биргелешкен долбоорлорду ишке ашырууга жана ШКУга мүчө мамлекеттердин өз ара эсептешүүлөрүндө улуттук валюталардын үлүшүн мындан ары этап-этабы менен жогорулатууга түз көмөктөшмөк", - деди Жапаров.

Бишкектеги жыйынга Беларустун премьер-министри Роман Головченко, Ирандын вице-президенти Мохаммад Мохбер, Казакстандын премьер-министри Алихан Смаилов, Кытайдын мамлекеттик кеңешинин премьери Ли Цян, Орусиянын өкмөт башчысы Михаил Мишустин, Тажикстандын премьер-министри Кохир Расулзода, Өзбекстандын өкмөт башчысы Абдулла Арипов, Түркмөнстандын министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Хожамырат Гелдимырадов, Индиянын тышкы иштер министри Субраманьям Жайшанкар жана Пакистандын тышкы иштер министри Жалил Аббас Жилани катышууда.

ШКУну 2001-жылы Кытай, Орусия, Тажикстан, Казакстан, Кыргызстан жана Өзбекстан терроризм, экстремизм, сепаратизм, наркотрафик менен күрөшүүчү уюм катары негиздеген.

2017-жылды Индия менен Пакистан уюмга толук кандуу мүчө катары кошулган. Иранды кошуп эсептегенде азыр ШКУга кирген мамлекеттердин саны тогузга жетти. Андан тышкары үч өлкө – Ооганстан, Беларус жана Монголия байкоочу макамына ээ. (BTo)

XS
SM
MD
LG