Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 13:55

Эрдоган ХАМАСты "можахеддердин боштондук тобу" деп атады


Режеп Тайып Эрдоган.
Режеп Тайып Эрдоган.

Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдоган ХАМАС радикал тобун "террордук" деп атаган өлкөлөрдү сынга алды. Ал түрк парламиентинде сүйлөп жатып, бул топту "өз жерин жана өз жарандарын коргоо үчүн күрөшүп жаткан можахеддердин боштондук тобу" катары сыпаттады.

Эрдоган ошондой эле Израилге сапарын токтотуп койгонун билдирди. Түрк президенти Анкара Тель-Авив менен алака-катышын биротоло жөнгө салууну ниеттенип жүргөнүн, бирок Израил "мындай жылуу мамиледен ашкере пайдаланып, өз кезегинде жооп катары тиешелүү кадамдарга барбаганын" белгиледи. Андан сырткары Израил менен жаңжалда Түркия Палестина тараптын "гарант өлкөсү" болууга даярдыгын билдирди.

Өткөн жылдын аягынан тартып Анкара менен Тель-Авив алака-катышын элчилердин деңгээлинде жанданткан. Анда Түркиянын Тышкы иштер министрлиги Анкара палестиналыктардын укугун коргоону улантарын эскертип келген.

Эки өлкөнүн мамилеси 2010-жылы Израилдин атайын күчтөрү Түркиядан Газа тилкесине чыккан “Мави Мармара” кемесин кармагандан кийин кескин начарлап кеткен.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG