Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
31-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:09

Келерки жылдагы ажылык сапарга Кыргызстанга 6,5 миңдей орун берилет


Архивдик сүрөт.
Архивдик сүрөт.

Сауд Арабиясы келерки жылдагы ажылык сапар үчүн Кыргызстанга 6,5 миңдей квота берет. Бул тууралуу Кыргызстан мусулмандар дин башкармалыгынын жетекчисинин орун басары Самидин Атабаев 25-октябрда билдирди. Ал 9-ноябрдан тартып 20-ноябрь чейин ажыга барчуларды каттоо башталарын, былтыртан бери 100дөн ашык адам каттоодо турганын айтты. Алар буга чейин миң доллар төлөгөнүн, быйылкы тизмеге кириши үчүн дагы миң доллар төлөшү керектигин эскертти.

Эреже-талапка ылайык, ажылык зыяратка баргысы келгендердин тизмеси талапкер муфтияттын аймактарындагы бөлүмдөрүнө келгенде (живая очередь) түзүлөт. Алар ID-картасын, эки миң доллар жана кайтарымсыз миң сом төлөгөнү тууралуу квитанциясын жана дагы башка ажылыкка керектүү кагаздарды тапшырышы керек.

"Талапкерлер эки миң доллар жана кайтарымсыз миң сом төлөбөй туруп каттала албайт. Эгер, 2023-жылдын 20-ноябрына чейин орундар (квота) толуп калса, каттоо мөөнөтүнөн мурда токтотулат. Ал эми 2023-жылы РСК банкына миң долларын төлөп, ажылык базада кезекте турган талапкерлер дагы 9-ноябрдан 20-ноябрга чейин калган миң долларды төлөшү керек. Эгер талапкер эки миң долларга толуктай албай калса, ажылыктын электрондук тизмесинен чыгарылат",- деп жазылган маалыматта.

Муфтият быйылкы ажылык сапардын баасы кыргызстандык жарандар үчүн 3900 долларды түзгөнүн билдирген жана 6110 квота бөлүнгөн.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG