Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 13:03

Быйыл алты айда Кытай Кыргызстанга 102 млн долларлык инвестиция салды


Акылбек Жапаров менен Ли Цяндын менен кеңейтилген курамда жолугушуусу, 25-октябрь, 2023-жыл.
Акылбек Жапаров менен Ли Цяндын менен кеңейтилген курамда жолугушуусу, 25-октябрь, 2023-жыл.

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров 25-октябрда Кытайдын өкмөт башчысы Ли Цян менен кеңейтилген курамда жолугушуу өткөрдү. Анда соода-экономикалык, энергетикалык, каржылык, транспорт-транзиттик, айыл чарба, билим берүү жана илим багытында кызматташууну өнүктүрүү маселелери талкууланды.

Акылбек Жапаров 2023-жылдын январь-июнь айларында кытайлык инвесторлор Кыргызстандын экономикасына 102 миллион доллар инвестиция салганын белгиледи. Ал "Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан" темир жолун куруу долбоорун ишке ашырууга өзгөчө көңүл бурду.

"Темир жолдун курулушу Кытайдын төрагасынын "Бир алкак – бир жол" демилгесин ишке ашырууда маанилүү байланыш болот, аны Кыргызстан биринчилерден болуп чоң шыктануу менен колдогон”,-деди Жапаров.

Жапаров кыргыз-кытай чек арасындагы “Торугарт” жана “Эркечтам” көзөмөл өткөрмө бекеттеринин толук иштеши өз ара товар жүгүртүүнү мындан ары жогорулатуунун негизги фактору экенин белгилеп, “Эркечтам” көзөмөл өткөрүү пунктунун 5-чакырымындагы Нура айылына барчу жана 7,5-чакырымындагы “Торугарт” постуна барчу жолду жакшыртуу иштерин жүргүзүү мүмкүнчүлүгүн кароону сунуштады.

Ошондой эле кыргыз тарап "Бедел" жаңы өткөрүү бекетин ачуу жана "Барскоон-Учтурфан-Аксу" жолун курууга байланыштуу кызматташууга, болгон аракетин жумшоого даярдыгына токтолду.

"Өз кезегинде Ли Цян Кыргызстан Кытайдын ишенимдүү өнөктөшү болуп келгенин жана болуп кала берээрин белгилеп, эки тарапты кызыктырган долбоорлорго практикалык колдоо көрсөтүүгө толук даяр экенин билдирди. Ошондой эле кыргыз-кытай кызматташтыгын өнүктүрүүгө багытталган бир катар сунуштарды айтты.
Соода-экономикалык кызматташтык багытында Кытай биргелешкен соода жүгүртүүдө тарыхый максимумга жетишүүгө умтула турганын белгиледи. Мындан сырткары Ли Цян кытай тараптын айыл чарба тармагындагы кызматташууну тереңдетүүгө даяр экендигин белгиледи",-деп жазылган кыргыз өкмөтү тараткан маалыматта.

Ли Цян Бишкекке 24-октябрда расмий сапар менен келген.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG