Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 13:54

АКШда Өкүлдөр палатасынын спикери болуп Майк Жонсон шайланды


Майк Жонсон.
Майк Жонсон.

Кошмо Штаттарында Өкүлдөр палатасынын спикери болуп республикачыл Майк Жонсон шайланды. Добуш берүүдө Жонсонду 220, анын саясий атаандашы Хаким Жеффристи 209 конгрессмен колдоду.

Спикер шайлоо жалпысынан 22 күнгө созулду. Өкүлдөр палатасысы ага чейинки спикер Кевин Маккартини мындан үч апта мурда отставкага кетирген.

Би-Би-Си ашынган оңчул республикачылар Жонсонду бекем консерватор, экс-президент Дональд Трамптын тарапташы деп эсептешерин, байистүү партиялаштары консервативдүү баалуулуктарды карманган прагматик деп санашарын жазды.

Демократтар жаңы спикерди ашынган оңчул республикачы катары көрүп, бир катар, маселен аборт өңдүү маселелерде бекем конвервативдүү позицияда турарын белгилешет.

Майк Жонсон мындан ары Украинага жардам берилишине каршы чыгып келгени менен да белгилүү.

Соңку жүз жыл ичинде Өкүлдөр палатасы спикерди добуш берүүнүн биринчи айлампасында эле шайлап келген. Жонсонго чейинки спикер Кевин Маккарти ушул жылдын башында төрт күнгө созулган 15-жолку добуш берүүдө шайланган. Мындай окуя туура 100 жыл мурда, 1923-жылы болгон жана анда палатанын башчысы тогуз турдан кийин гана шайланган.

Былтыр 8-ноябрдагы шайлоодо АКШда Өкүлдөр палатасынын жаңы курамы жана Сенаттын үчтөн бири шайланган. Анын жыйынтыгында Конгресстин төмөнкү палатасында республикачылар көпчүлүктү түзгөн.

2018-жылкы шайлоодо 435 орундун 235ин демократтар, 199ун республикачылар алган. 2020-жылы өткөн шайлоодо демократтардын саны 222ге түшүп, республикачылардын саны 213кө жеткен.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG