Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Январь, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 08:57

СPJ Жогорку Кеңешти “чет элдик өкүл” мыйзамын кабыл албоого чакырды


Эл аралык Журналисттерди коргоо комитетинин логосу.
Эл аралык Журналисттерди коргоо комитетинин логосу.

Эл аралык Журналисттерди коргоо комитети (СPJ) Жогорку Кеңешти Орусиянын репресивдүү мыйзамынын мисалында жазылган талаштуу “чет элдик өкүл” тууралуу мыйзамды кабыл албоого чакырды.

25-октябрда баш кеңсеси Нью-Йоркто жайгашкан уюм бул мыйзам Орусиядагыдай эле “бир катар бейөкмөт уюмдардын жабылышына” түртөрүн эскертти.

“Алдыңкы көз карандысыз маалымат каражаттарынын оозун жабууга багытталган Кыргызстандын бийлигинин кампаниясы уланып жаткан маалда, чет элдик агент тууралуу мыйзамды кабыл алуу планы сөз эркиндигин коргоо менен алектенген уюмдардын ишин абдан эле оорлоштуруп, өлкөдөгү эркин прессаны дагы чектөөгө шарт түзөт.”-деди уюмдун Европа жана Борбор Азия боюнча координатору Гулноза Саид.

Жогорку Кеңеш 25-октябрдагы жыйынында "Чет элдик өкүл жөнүндөгү" мыйзам долбоорун карап, аны биринчи окууда эч кандай талкуусуз кабыл алды.

Анда документтин негизги автору, депутат Надира Нарматова баяндама жасагандан кийин төрага Нурланбек Шакиев сунуш-пикирлер болсо экинчи окууга чейин жазуу түрүндө берүү керектигин айтып, документти талкуусуз добушка койду жана көпчүлүк колдоду.

Нарматова бул документ өкмөттүк эмес уюмдардын ишине тоскоол болбойт деп ишендирип келет.

“Адилет” укуктук клиникасы Нарматованын мыйзам долбоорун иликтеп чыгып, ал Орусиянын “Чет элдик агенттер жөнүндөгү” мыйзамына 98% окшош экенин аныктаган. 120 уюм парламенттин комитетинин төрагасы Сүйүнбек Өмүрзаковго кайрылуу жолдоп, бул мыйзам “чет элдик агенттер жөнүндөгү” мыйзамдан айырмасы жоктугун, агент деген сөздү өкүл деп гана алмаштырып коюшканын, эгер ал кабыл алынса, жарандардын эркиндиги менен укуктарына гана эмес, социалдык тармакка жана экономикага залакасы тиерин белгилешкен.

XS
SM
MD
LG