Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 11:54

Садыр Жапаровдун коррупцияга шек саналган иниси үй камагына чыкты


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Президент Садыр Жапаровдун бажыдагы коррупцияга шек саналып кармалган иниси Улан Жапаров үй камагына чыкты. Бул тууралуу "Азаттыкка" Бишкектин Биринчи Май райондук сотунан кабарлашты.

Ага ылайык, Улан Жапаровдун бөгөт чарасын өзгөртүп, үй камагына чыгаруу тууралуу Ички иштер министрлигинин (ИИМ) тергөөчүсү кайрылган. Сот арызды 19-октябрда карады жана Улан Жапаровду 26-ноябрга чейин үй камагына чыгаруу тууралуу чечим чыгарды.

ИИМ анын бөгөт чарасын өзгөртүү арызын жазууга эмне себеп болгону тууралуу комментарий бере элек.

Аталган сот өткөн айдын аягында Улан Жапаровдун камактагы мөөнөтүн 26-ноябрга чейин узарткан.

Садыр Жапаровдун аталаш тууганы бажыдагы коррупцияга байланыштуу быйыл июлда камалган. Президенттик администрациянын маалыматтык саясат кызматынын башчысы Дайырбек Орунбеков ал президенттин аталаш тууганы Ракымжан Жапаровдун тун уулу экенин бышыктаган.

Президент Жапаров "Кабар" улуттук маалымат агенттигине курган маегинде тууганынын кармалышы боюнча комментарий берип, паракорчулукка аралашкандар жазасыз калбай турганын, баарына бирдей мамиле болорун айткан.

Кылмыш ишинин чоо-жайы тууралуу ИИМ кеңири маалымат берген эмес.

32 жаштагы Улан Жапаров 2017-жылы Садыр Жапаровду колдоо акциясында тарапташтары менен бирге милицияга кармалып чыккандардын бири.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG