Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 13:55

Бишкекте үч бала өрттөн куткарылды


Өрттөнүп жаткан батир. Бишкек. 27-октябрь, 2023-жыл. (Соцтармакка тараган тасмадан алынган сүрөт.)
Өрттөнүп жаткан батир. Бишкек. 27-октябрь, 2023-жыл. (Соцтармакка тараган тасмадан алынган сүрөт.)

Бүгүн, 27-октябрда өрт өчүрүүчүлөр күйүп жаткан батирде калган үч жаш баланы куткарды. Балдардын абалы канааттандырарлык. Алардан тышкары коңшу эки батирдин тургундары да коопсуз жакка чыгарылган.

Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин (ӨКМ) басма сөз кызматы кабарлады.

Маалыматка ылайык, Бишкектин "Аламүдүн-1" кичирайонундагы көп кабаттуу үйлөрдүн биринде 8-кабаттагы батирлердин биринде өрт чыккан.

Учурда өрт толугу менен өчүрүлүп, себеби такталып жатат.

Акыркы суткада жалпы өлкөдө беш өрт катталган. Адамдар жараат алган учурлар катталган жок.(ZKo)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG