Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Июнь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 04:02

Кытайдын мурдагы өкмөт башчысы Ли Кэцян көз жумду


Кытайдын мурдагы өкмөт башчысы Ли Кэцян. 22-май, 2020-жыл.
Кытайдын мурдагы өкмөт башчысы Ли Кэцян. 22-май, 2020-жыл.

Кытайдын Мамлекеттик Кеңеши-өкмөтүнүн мурдагы башчысы Ли Кэцян 68 жашында көз жумганын 27-октябрда мамлекеттик "Синьхуа" жазды. Маалыматка караганда, ал жүрөгү кармап каза тапкан. Reuters агенттиги дарыгерлер колунан келген аракетин көрсө да, анын өмүрүн сактап калууга мүмкүн болбогонун жазды.

Ли Кэцян Мамлекеттик Кеңештин премьери кызматын он жыл аркалаган. Соңку жылдары жумушчу орундарын түзүп, пандемиядан кийин туруктуулукту камсыздоо үчүн өлкөнүн экономикалык саясатын өзгөртүүгө чакырып келген. Анын көптөгөн билдирүүлөрү Кытайдын лидери Си Цзинпиндин саясатына каршы болчу.

Ли Кэцяндын ордуна быйыл мартта Ли Цян келген.

Эксперттер Ли Кэцянды партиянын жогорку кызматын ээлеген соңку технократ деп аташчу. Ал кызматтан кеткенден кийин Коммунисттик партиянын Политбюросунун Туруктуу комитетинин курамынан да чыгарылган.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG