Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Октябрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 13:32

Израил ХАМАС менен Газа шаарынын айланасында согушканын билдирди


Газа шаары бомбалоо учурунда. 30-октябрь, 2023-жыл
Газа шаары бомбалоо учурунда. 30-октябрь, 2023-жыл

Израилдин жөө аскерлери Газанын түндүгүндө ХАМАСтын согушкерлерине жана инфраструктурасына чабуул койду.

Бул тууралуу "Ассошиэйтед Пресс" агенттиги кабарлады. Жөөт армиясы – ЦАХАЛдын айтымында, ал аймактан жаңжал башталгандан бери 800 миңдей киши чыгып кетти. Бирок израилдик учактар камалоодогу районду бомбалоону улантууда.

Израилдин премьер-министри Биньямин Нетаньяху атышууну токтотуу чакырыктарын четке какты жана Газа тилкесин башкарган радикал топту экинчи жөөт мамлекетине коркунуч жаратпагыдай кылып талкалоо убадасын кайталады.

Анклавда жашаган 2,3 миллиондой палестиналыктын жарымынан ашыгы Израилдин бомбалоолорунан качып, там-ташын таштап жер которууга мажбур болду. Жүз миңдеген киши БУУнун баш калкалоочу жайларында жашап келет. Тилкеде гуманитардык абал күндөн күнгө оорлошуп, азык-түлүк, күйүүчү май, дары-дармек, таза суу тартыш. Дарыгерлер акыркы күндөрдө бир нече дүрмөт ооруканаларга жакын жерлерге тийгенине кабатыр болууда.

Израил ХАМАСтын жоочуларын бутага алганын, алар жайкын тургундарга аралашып аракеттенгенин айтууда.

Газанын Саламаттык сактоо министрлиги 30-октябрда билдиргендей, палестиналыктар арасындагы жоготуулар 8300дөн ашты, көбү аялдар менен балдар, 1,4 миллиондой киши үйлөрүн таштап кетти.

Израил тараптан 1400 кишинин каза болгону кабарланган. Алардын басымдуу бөлүгү ХАМАС 7-октябрда Израилге кол салганда өлгөн. Израиль аскерлери жоочулардын колундагы 240тай туткундун айрымдарын бошотушканын билдиришти.

XS
SM
MD
LG