Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Сентябрь, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 15:31

Орусияда теракт даярдоого айыпталган тажик жараны 12 жылга кесилди


Орусиянын Федералдык коопсуздук кызматынын имараты. Москва.
Орусиянын Федералдык коопсуздук кызматынын имараты. Москва.

Орусияда теракт даярдаган деген айып менен Тажикстандын жараны 12 жылга эркинен ажыратылды. ТАСС агенттиги кабарлагандай, өкүмдү аймактык аскердик сот чыгарды. Маалыматка караганда, Орусиянын Федералдык коопсуздук кызматы (ФСБ) Мероб Хаитов жана дагы алты киши 2022-жылы кызматтын Лубянкадагы имаратын жардырууну, «имаратка кирген, ары-бери өткөн кишилерди атууну, Сириядагы орусиялык аскерлерди чыгарууну талап кылууну» пландаган.

Өкүмгө ылайык, тажик жараны үч жыл абакта отуруп, калган мөөнөттү күчөтүлгөн режимдеги колонияда өтөйт. Хаитов 500 мин рубль айып пул төлөөгө тийиш.

Анын иши өзүнчө өндүрүшкө бөлүнгөн, сотто айтылгандай, Хаитов “күнөөсүн моюнга алды, кылмыштын бетин ачууга көмөктөшкөн жана калган шериктерине каршы көрсөтмө берген”.

Калгандары – 19-25 жаштагы Тажикстандын беш жараны жана бир орусиялык Москвадагы курулуштарда жана курьер болуп иштечү. Тергөөчүлөр алар «Ислам мамлекети» террордук тобунун мүчөлөрү болчу деп эсептешет.

Хаитовдон башкаларынын иши сотто октябрда карала баштады. Алар өмүрүнүн аягына чейин кесилиши ыктымал. Бешөө сотто күнөөсүн моюнга алганы маалымдалды.

Адвокаттар "бул иш саясатташкан, кылмышка орус атайын кызматы түрткөн" деп айтышат. Шектүүлөр кыйноолорго туш болгонбу же жокпу белгисиз.

XS
SM
MD
LG