Юстиция министрлиги Адвокаттар кеңешинин төрагасы Билим Райымкуловду адвокаттык лицензиясынан ажыратты. Бул тууралуу аталган мекеменин басма сөз кызматы кабарлады. Лицензиянын алынышын юридикалык жогорку билим тууралуу талаптын бузулушу менен байланыштырды.
Маалыматта айтылгандай, министрликтин административдик комиссиясынын отуруму болуп, анда Билим Райымкуловду лицензиясынан ажыратуу жөнүндө маселе каралган.
“Адвокатура жана адвокаттык иш жөнүндө” мыйзамдын 19-беренесине ылайык, жогорку юридикалык билими бар Кыргызстандын жараны адвокаттык иш жүргүзүү укугуна лицензия алууга укуктуу. Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин 2023-жылдын 31 октябрындагы №3362/4к буйругу менен, мамлекеттик аттестациялык комиссиянын 1998-жылдын 13-сентябрындагы Райымкуловго юриспруденция адистиги бонча “юрист” квалификациясы ыйгарылган чечими жокко чыгарылып, ГВВ №01342 каттоо номуру 299 менен берилген диплом кайра чакыртып алынып, жокко чыгарылды", - деп жазылган маалыматта.
Юстиция министрлигинин буйругуна ылайык, ал 1-ноябрдан тартып адвокаттык ишмердүүлүгүн жургүзө албайт.
Билим Райымкулов өзү комментарий бере элек.
Быйыл жайында Райымкулов баш болгон айрым адвокаттар Юстиция министрлиги сунуштаган "Адвокатура жана адвокаттык иш жөнүндө" мыйзамды өзгөртүү боюнча долбоорга каршы пикирин билдирип, бул жактоочулардын ишин чектей турганын айтып чыгышкан. Министрлик долбоор адвокаттардын ишин ачык кылууну көздөйт деген түшүндүрмө берген.
Мурда адвокат менен кардардын ортосундагы келишимде кызмат акы ачык көрсөтүлбөсө, эми ал ачык айтылат. Башкача айтканда бул адвокаттык сыр болуп эсептелбейт.
Учурда Кыргызстанда адвокаттык иш жүргүзүүгө 3771 адам лицензия алган. (КЕ)