Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 09:12

Кемпир-Абад иши боюнча сот 15-ноябрга жылды


Кемпир-Абад иши менен айыпталгандарды колдоо акциясы. 17-март, 2023-жыл. Бишкек
Кемпир-Абад иши менен айыпталгандарды колдоо акциясы. 17-март, 2023-жыл. Бишкек

Кемпир-Абад иши боюнча камалгандардын 1-ноябрда белгиленген соту болбой калды. Буга отурумга айрым айыпталуучулардын адвокаттары келбегени негиз болгонун "Азаттыкка" айыпталуучулар Равшан Жээнбековдун жана Марат Баязовдун адвокаты Эркин Саданбеков билдирди. Анын айтымында, соттук отурум 15-ноябрда болот.

"Кечээги сотко үч адвокат келбей калды, сот ошону негиз кылып 15-ноябрга жылдырды. Бирок бул иште баарынын беренеси бир болуп жаткандыктан, келбей калган адвокатты башка келген адвокат ордер берип алмаштыра алат болчу. Мындан сырткары камактагыларды дагы сотко алып келген жок", - деди Саданбеков.

Кемпир-Абад ишин Бишкектин Биринчи Май райондук соту жабык карап жатат.

Кыргыз-өзбек чек арасындагы Кемпир-Абад суу сактагычынын жери Өзбекстанга өтүп жатканына каршы пикирин ачык билдирген 27 саясатчы, активист былтыр октябрда камалган. Ушу тапта алардын 11и тергөө абагында отурат. Калгандары түрдүү жагдайда үй камагына чыккан. Иш сегиз айлык тергөөдөн кийин, быйыл июнь айында сотко өткөн.

Ички иштер министрлигинин (ИИМ) Тергөө башкармалыгы ага “жашыруун” деген гриф койгон. Ушундан улам сот жабык өтүп жатат.

Милиция аларга “бийликти басып алууга аракет кылган” деген айып койгон. Иш Кылмыш-жаза кодексинин “Жапырт башаламандык уюштурууга аракет көрүү”, “Бийликти күч менен басып алууга даярдык көрүү” беренелеринин негизинде козголгон.

Шектүүлөр мунун баарын саясий куугунтук катары сыпаттап келишет. (MKt)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG