Кыйындар кырылган белгисиз Тугач
Красноярск крайындагы бул чакан кыштакты көптөр билбейт. Саясий туткундар курган, тайганын ортосундагы Тугач совет доорунда жашыруун жай эле. Кыштактын тургундарынын жарымы – кесилгендердин укум-тукуму болсо, жарымы түрмө күзөтчүлөрүнүн бала-чакасы. Алар чогуу-чаран турмуш куруп, кандуу репрессиянын очогуна айланган айылдын өткөн тарыхын эстегилери да келбейт.