Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Январь, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 11:54

Дүйнөлүк банк CASA-1000 долбоору үчүн Кыргызстанга кошумча 18,3 млн доллар бөлөт


«CASA-1000» долбоору тууралуу маалымат жана анын картасы.
«CASA-1000» долбоору тууралуу маалымат жана анын картасы.

Дүйнөлүк банк Борбор Азия – Түштүк Азия электр энергиясын өткөрүү жана соодалоо долбоору (CASA-1000) үчүн Кыргызстанга кошумча 18,3 млн АКШ долларын бөлөт. Бул тууралуу мекеменин сайтында маалымдалды.

Анда жазылгандай, Дүйнөлүк банктын Аткаруучу директорлорунун кеңеши бул чечимди 1-ноябрда бекиткен. Каражат 50 жылдык мөөнөт менен жеңилдетилген насыя катары берилет.

Мунун алдында эле Дүйнөлүк банк Кыргызстандагы Камбар-Ата-1 гидроэлектр станциясынын (ГЭС) долбоорунун техникалык-экономикалык негиздемесин иштеп чыгууга 5 миллион доллар берери маалым болгон.

CASA-1000 Кыргызстан менен Тажикстандан Ооганстанга жана Пакистанга электр энергиясын экспорттоо багытында ишке ашып жаткан долбоор. Анын баштапкы этабын бир нече эл аралык донорлор 2014-жылы жактырган жана чечим 2018-жылдан баштап күчүнө кирген.

2016-жылы президент Алмазбек Атамбаев CASA-1000 долбоорун аткаруу боюнча мыйзамга кол койгон. Ага ылайык, курулушту ишке ашыруу үчүн Кыргызстан Дүйнөлүк банкка караштуу Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясынан 38,25 миллион доллар, Европа инвестициялык банкынан 70 миллион евро жана Ислам өнүктүрүү банкынан 50 миллион доллар насыя алмак.

Ошол учурда кыргыз өкмөтү долбоорго республикалык бюджеттен кошумча каражат каралбай турганын, эл аралык каржы уюмдарынан алынган 233 миллион доллар гана жумшаларын билдирген. Долбоордун жалпы наркы 1,17 млрд долларга бааланган.

Тажикстан долбоордун алкагында өз аймагында курулчу линияларды 2016-жылы салып баштаган. Кыргызстандагы линиялардын курулушу 2021-жылдын апрелинде жанданган.

Долбоордун алкагында Кыргызстандын ичинде электр тармактар комплекси модернизацияланып, жаңы көмөкчордондор жана жалпы узундугу 456 чакырымды түзгөн жогорку чыңалуудагы (500 кВ) электр өткөрүүчү линияны курулат. Ал Жалал-Абад, Ош жана Баткен облустары аркылуу Тажикстандын чубалгыларына барып туташат, Тажикстандын линиясы андан ары Ооганстанга жана Пакистанга кетет.

Дүйнөлүк банктын соңку маалыматында жазылгандай, учурда Кыргызстандын аймагында 1 243 тирөөч орнотулуп (100%), жогорку чыңалуудагы электр өткөрүүчү линиянын 287 км бүткөрүлдү (63%). Жумуштар мурдагы боюнча гана калат. Товарлардын наркы жана ташуунун акысы кымбаттап кеткени үчүн кошумча бөлүнгөн акча каржылоодогу дефицитти жабууга гана жумшалат. “Кыргызстандын улуттук электр тармактары” ачык акционердик коому долбоорду 2025-жылдын мартына чейин бүтүрүшү керек. (ErN)

XS
SM
MD
LG