Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 15:54

Аба ырайы: айрым аймактарда жаан жаайт


8-ноябрда түнкүсүн Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын көпчүлүк аймактарында, Чүй, Нарын облустарынын айрым жерлеринде жаан, тоолуу райондорунда кар, Жалал-Абад, Баткен облустарынын айрым жерлеринде жаан-чачын катуу жаашы мүмкүн. Ысык-Көл облусунда жаан-чачын күтүлбөйт. Эртең менен жана күндүз көпчүлүк аймактарда жаан, тоолуу райондордо кар, Чүй, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын айрым жерлеринде жаан-чачын катуу жаашы ыктымал. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, айрым жерлерде 15-20 метрге жетет.

Абанын температурасы:

Чүй облусунда түнкүсүн 3...8, күндүз 6…11;

Талас жергесинде түнкүсүн 1...6, күндүз 5…10;

Баткен, Ош, Жалал-Абад дубандарында ​түнкүсүн 4…9, күндүз 8…13;

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн 0...5, күндүз 7...12;

Нарын облусунда түнкүсүн 0…-5, күндүз 7…12;

Бийик тоолуу райондордо түнкүсүн 0…-5,, күндүз 4...9.

​Бишкекте түнкүсүн жаан-чачын болбойт. Эртең менен жана күндүз жаан жаайт. Абанын температурасы түнкүсүн 5…7, күндүз 8…10 градус болот.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG