Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 13:23

Сокулук райондук соту блогер Адилет Балтабайдын пробациялык көзөмөлүн жокко чыгарды


Adilet Baltabay (Adilet Ali Myktybek)
Adilet Baltabay (Adilet Ali Myktybek)

Чүй облусунун Сокулук райондук соту Адилет Балтабай деген ат менен таанылган блогер жана жарандык активист Адилет Али Мыктыбектин пробация көзөмөлүн жокко чыгарды. Мындай чечим 10-ноябрда чыкканын анын адвокаты Эрлан Казаков "Азаттыкка" билдирди.

"Биринчи Май райондук соту үч жылга пробациялык көзөмөл берген болчу. Бүгүн ошол пробация көзөмөлүн жокко чыгарган чечим кабыл алып, мурдагы беш жылдык мөөнөтү күчүндө калды. Бул токтом 10 күн ичинде күчүнө кирет. Биз ага чейин Чүй облустук сотуна апелляциялык арыз менен кайрылабыз", - деди Казаков.

Буга чейин Пробация кызматы Сокулук райондук сотуна кайрылып, Адилет Балтабайга байланыштуу чечимди жокко чыгарууну суранган жана мындай өтүнүчүн ал пробация эрежелерин бузганы менен негиздеген.

Буга чейинки сот отурумдары активист ооруканада жатканына байланыштуу башка күндөргө жылып келген.

10-октябрда активист Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетте (УКМК) бир нече саат суракта болгонун, Камчы Көлбаевдин кылмыштуу тобу менен байланышы бар же жогу тууралуу суроолорду беришкенин айткан. УКМК бул боюнча азырынча маалымат бере элек.

Бийликти сындаган акцияларды түз эфирде чагылдырып жүргөн блогер 13-январда Кемпир-Абад иши боюнча камакта жаткандарды бошотуу талабы коюлган митингге катышкандан кийин кармалып, №27 абакка камакка алынган. Апрелде эркиндикке чыгарылган.

Ага чейин былтыр жарым жылдай камакта отуруп, 11-ноябрда Биринчи Май райондук сотунда "Жапырт башаламандык" беренесинин негизинде күнөөлүү деп табылган да, пробациялык көзөмөл өкүмү менен сот залынан бошотулган. (MKt)

XS
SM
MD
LG