Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 18:31

Татарстандын күч органдары журналист Сиражинин үйүндө тинтүү жүргүздү


Искандер Сиражи
Искандер Сиражи

Татарстандын күч органдары журналист жана коомдук ишмер Искандер Сиражинин (Сиразаев) үйүндө жана кеңсесинде тинтүү жүргүздү. Бул тууралуу Идель.Реалии сайты маалымдады.

Сиржинин жубайы Эльмира «телефондорду, паспортторду тартып алышты. Маңзаттары же тыюу салынган адабият табылды деп айтышса ишенбегиле», - деп социалдык тармактарга жазды. Ал үйүндө эртең мененки саат алтылар чамасында тинтүү жүргүзгөнүн айтты.

51 жаштагы журналист - «Сиражинин сөзү» деген гезиттин негиздөөчүсү жана башкы редактору, жазуучу, татарлардын улуттук кыймылынын коомдук ишмери. «Татарстан» мамлекеттик телеканалында диктор, кийин татар тилиндеги бир катар маалымат каражаттарында иштеген.

Анын үйү жана кеңсеси эмне себептен тинтүүгө алынганы расмий түшүндүрүлгөн жок.

Сиражи Татарстанда эркин медиага басым-кысым күчөгөнү алар өзүн цензуралоого аргасыз болгонун айткан. Идель.Реалии дагы көз карандысыз журналисттерге кысым болгон учурлар көбөйгөнүн белгилейт. Былтыр августта Казанда «Азаттыктын» татар-башкыр редакциясы менен кызматташкан жети кишини текшеришкен.

18-октябрда орус бийлиги татар-башкыр редакциясынын журналисти Алсу Курмашеваны кармап, кылмыш иш козголду. Сот аны тергөөчүлөрдүн өтүнүчү менен 5-декабрга чейин камоо чечимин чыгарды. Журналистке чет өлкөлүк агент катары катталган эмес деген айып тагылууда.

"Эркин Европа/Азаттык" радиосу Курмашеванын кармалышын кескин айыптады.

Бир катар эл аралык уюмдар аны дароо бошотууну талап кылды. Журналистти токтоосуз бошотууга чакырган билдирүүлөрдү БУУнун Адам укуктары боюнча башкы башкармалыгы, Журналисттерди коргоо комитети, АКШ Конгрессинин Өкүлдөр палатасынан тышкы иштер боюнча комитети да таратты.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG