Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 13:28

Журналист Гүлжан Шерипбаева 48 саатка камалганын жакындары билдиришти


Гүлжан Шерипбаева
Гүлжан Шерипбаева

Журналист, Nazar news сайтынын ээси Гүлжан Шерипбаева 48 саатка камалганын жакындары "Азаттыкка" билдиришти. Иниси Майрамбек Каримов Гүлжан Шерипбаеваны Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин (УКМК) кызматкерлери 16-ноябрда ал иштеген кеңседен алып кеткенин айтты.

"Саат 12лер чамасында эжем иштеген кеңсеге өздөрүн УКМКнын кызматкерлерибиз деп тааныштырган адамдар келип, эч кандай чакыруу кагазы жок эле, "сүйлөшүү үчүн" деп чакырып, алып кетишкен. Бизге жеткен маалыматтар боюнча эжемди мамлекеттик адвокаттын катышуусунда суракка алышып, эки суткага камакка алышыптыр. Биздин адвокат УКМКга эми бара жатат", - деди Майрамбек Каримов.

Шерипбаева өзүн УКМК кармап кеткенин 16-ноябрь күнү түш чамасында Фейсбуктагы баракчасына жазган.

Ал акыркы кезде соцтармактарда бийликти сындаган билдирүүлөрдү жазып жүргөн. Бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары, коррупция үчүн соттолгон жана сотто күнөөсүн моюнуна алган Райымбек Матраимовду колдоп жүргөнү белгилүү.

УКМК Шерипбаеванын кармалышы тууралуу маалымат бере элек.

2-ноябрда УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев өлкөдө Көлбаев, Матраимов деген мафия болбой турганын, мамлекеттик органдар бул топко жакын 202 адамдан тазаланып жатканын билдирген.(ZKo)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG