Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
21-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 00:25

Түркияда Дүйшөмбүнүн өтүнүчү менен эне-бала кармалды


Фотима Гиесова менен анын уулу Махмадулло Дониёрзода.
Фотима Гиесова менен анын уулу Махмадулло Дониёрзода.

Түркияда расмий Дүйшөмбүнүн өтүнүчү менен 17-октябрда кармалган Фотима Гиесова менен анын уулу Махмадулло Дониёрзоданы Тажикстанга экстрадициялоо маселеси каралууда.

Бул тууралуу 22-ноябрда “Озоди” радиосу кабарлады. Эне-балага Тажикстанда Сириядагы согушка катышкан деген кине менен издөө жарыяланган. Расмий Дүйшөмбү билдиргендей, алар Сирияга 2016-жылы чыгып кеткен.

Фотима Гиесова уулу экөө бул дооматты четке кагууда. Гиесованын Венгриядагы жашаган дагы бир уулу Иброхим билдиргендей, тажик бийлиги аларды негизсиз эле "кара тизмеге" киргизип салган. Ал өзү да Дүйшөмбүнүн өтүнүчү менен Венгрияда кармалып, кийин кое берилген.

Hungary Today басылмасы 2022-жылы Тажикстандын бул жараны Сириядагы согушка катышканын жана мекенинде 12 жылга чейин эркинен ажыратылышы мүмкүн экенин жазган.

Тажикстандын бийлиги Түркияда Гиесованын уулу менен кармалышы боюнча эч кандай комментарий бере элек.

Маалыматтарга караганда, алар 2015-жылдан бери Стамбулга жакын жайгашкан Кожаэли провинциясында турат жана убактылуу жашоого уруксаты бар. Эне-баланын Сирия жана Ирактагы согушка катышканын көз карандысыз булактардан бышыктоо азырынча мүмкүн эмес.

2014–2017-жылдары Түркия аркылуу жүздөгөн борбор азиялыктар Сирия менен Ирактагы согушка жөнөп кетишкен.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG