Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 17:31

Тууну өзгөртүүгө каршы чыккандардын автожүрүшү болбой калды


Тууну өзгөртүүгө каршы автожүрүшкө чогулгандар.
Тууну өзгөртүүгө каршы автожүрүшкө чогулгандар.

Бишкекте тууну өзгөртүүгө каршы жарандардын автожүрүш акциясы болбой калды. Алар алгач шаардын 7-кичи районунда, Аалы Токомбаев көчөсүнө чогулуп жаткан. Бирок милиция кызматкерлери Октябрь районунун аймагында тынч жыйындарды, акция өткөрүүгө тыюу салынганын эскертип, машиналарга коюлган тууларды алууну эскерткен.

"Азаттыктын" кабарчысынын билдиришинче, мындан улам чогулгандар акцияны Бишкектин четиндеги Көк-Жар айылында баштоону чечкен. Бирок бул жерге чогулгандар 9-декабрда Бишкектеги Максим Горький атындагы гүлбактагы акцияга кошулуп чыгууну сүйлөшүп, тарап кетти.

Мунун алдында, 2-декабрда жарандык активист Автандил Жоробеков аталган "Туудан колуңду тарт!" акциясына байланыштуу милицияда үч саат сүйлөшүүдө болгонун, андан кийин Улуттук коопсуздук комитетинде дагы сурак берип чыкканын билдирген.

Күч органдары Жоробековдун суракка чакырылышына байланыштуу маалымат бере элек.

Мэриянын басма сөз кызматы шаар бийлигине 3-декабрда мамлекеттик тууну өзгөртүүгө каршы автожүрүш өтөрү тууралуу маалымдама келип түшпөгөнүн маалымдаган. Ошол эле маалда Октябрь районунда тынч жыйындарга чогулуу, митинг өткөрүүгө тыюу салынганын эскерткен.

Жогорку Кеңеш 29-ноябрдагы жыйынында желекти өзгөртүү жөнүндө мыйзам долбоорун биринчи окууда кабыл алган. Документке 66 депутат “макул”, сегиз эл өкүлү “каршы” добуш берген. Президент Садыр Жапаров буга чейин “Кабар” улуттук агенттигине курган маегинде тууну өзгөртүү демилгесин колдой турганын билдирген.

Социалдык тармактын колдонуучулары мамлекеттик тууну өзгөртүү жөнүндө мыйзам долбооруна каршы флешмоб өткөрүп, “Желегимди жерибе!”, “Желекке тийбе!”, "Туудан колуңду тарт!" деген постторду жарыялап, президент Садыр Жапаровдун Фейсбуктагы расмий баракчасынын алдына да пикирлерин жазып жатат.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG