Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 13:02

Опера жана балет театрынын директору 4-январга чейин камакта калтырылды


Абдылас Малдыбаев атындагы кыргыз улуттук опера жана балет театрынын директору. УКМК тараткан сүрөт.
Абдылас Малдыбаев атындагы кыргыз улуттук опера жана балет театрынын директору. УКМК тараткан сүрөт.

Абдылас Малдыбаев атындагы кыргыз улуттук опера жана балет театрынын башкы директору Алмазбек Истамбаев 2024-жылдын 4-январына чейин Бишкектеги №1 тергөө абагына камакка алынды.

Мындай чечимди Бишкектин Биринчи Май райондук соту 1-декабрда чыгарганын райондук соттун басма сөз кызматы билдирди.

1-декабрда Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети (УКМК) Алмазбек Истамбаев Кылмыш-жаза кодексинин “Кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу” беренеси менен шек саналып кармалганын кабарлаган.

Атайын кызматтын маалыматы боюнча, опера жана балет театрында мекеменин карамагындагы мүлктү узак мөөнөткө ижарага берүү келишимдерин түзүүдө кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу фактысы аныкталган.

Алмазбек Истамбаевдин жакындары менен адвокаттары комментарий бере элек. Ал Абдылас Малдыбаев атындагы кыргыз улуттук опера жана балет театрынын башкы директору болуп 2022-жылы февралда дайындалган. 2000-жылдан 2019-жылга чейин опера жана балет театрынын алдыңкы опера солисти болуп иштеген. (BTo)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG