Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 18:12

Көлбаев менен Матраимовго байланышы бар 180ден ашуун адам кызматтан алынды


Райымбек Матраимов жана Камчы Көлбаев. Коллаж
Райымбек Матраимов жана Камчы Көлбаев. Коллаж

11-декабрда Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин (УКМК) басма сөз кызматы маркум Камчы Көлбаев (Камчыбек Асанбек) менен Райымбек Матраимовдун “мафиясына” байланышы бар 180ден ашуун киши мамлекеттик кызматтардан алынганын билдирди.

Атайын кызматтын маалыматына ылайык, Камчы Көлбаев жана Райымбек Матраимовдун “мафиясы” менен тымызын байланышта болгон мамлекеттик ар кандай кызматта отурган 226дан ашык адам аныкталды. Алардын ичинен 180ден көбү жумуштан бошотулду.

“Бир эле бажы кызматында 85 кызматкер аныкталып, анын ичинен 76 кызматкер иштен бошотулса, Ички иштер министрлигинде 26 кызматкер аныкталып, анын ичинен 14 кызматкер кызматтык милдеттерин аткаруудан четтетилди. Жергиликтүү кеңештин алты депутаты мандатын тапшырды, 65 кызматкер райондук мамлекеттик администрациядан жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынан, ал эми башка министрликтер менен ведомстволордо иштеген бир катар кызматкерлер аныкталып, кызматынан бошотулду”, - деп айтылат маалыматта.

Кыргызстанда “кримчөйрөнүн анабашы” аталган Камчы Көлбаев 4-октябрда Бишкекте УКМКнын атайын операциясы маалында өлтүрүлгөн.

2021-жылы Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети (УКМК) Райымбек Матраимовду коррупцияга айыптап иш козгоп, ал 2016-жылдын башында бажыдагы башка аткаминерлер менен көмүскө коррупциялык схема түзгөнүн билдирген. Сот аны күнөөлүү деп таап, 260 миң сомдук айып пул чегерген.

Райымбек Матраимов өзү да күнөөсүн мойнуна алып, мамлекетке 2 миллиард сом төгүп берген.

УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев 2-ноябрда Райымбек Матраимов менен Камчы Көлбаевди “Кыргызстанда мафия түзгөн” деп айыптаган. (BTo)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG