Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 08:34

Казанда журналист Алсу Курмашеваны колдогон пикет өттү


Казандагы акция. 10-декабрь, 2023-жыл
Казандагы акция. 10-декабрь, 2023-жыл

Казан шаарында жекшембиде басма сөз эркиндигин жактаган жана журналисттерди куугунтуктоого каршы пикет өттү. Катышуучулар “Эркин Европа/Азаттык” радиосунун татар-башкыр редакциясынын журналисти Алсу Курмашевага колдоосун билдиришти.

Октябрдын ортосунан бери абакта жаткан Курмашева «чет элдик агент» деп катталбаганы үчүн айыпталууда. Буга чейин Орусияда бул берене менен иш козголо элек болчу.

Татар башкалаасындагы акцияга чыккандар иш үстүндө каза тапкан жана куугунтукталган журналисттердин ысымдары жазылган плакаттарды көтөрүп турушту.

"7х7. Горизонтальная Россия" басылмасы маалымдагандай, полициянын кызматкерлери Курмашеванын аты жазылган плакатты алып салууну талап кылышты жана ал «митингдин темасына дал келбесин» айтышты. Андан кийин тирүү журналисттердин ысымдарын боеп салууну сунуш кылышты. Күч түзүмдөрү пикет каза тапкан журналисттерге арналат деп макулдашылганын билдиришти.

Өткөң жумада Казан шаарынын Совет райондук соту “Курмашеванын биринчи иши", тактап айтканда кош жарандуулугу боюнча доо арызын четке каккан.

Буга чейин сот журналисттин Американын жарандыгын алганы жөнүндө бийликке эскерткен эмес деген кине менен он миң рубль айып пул салган. Адвокат журналист 1998-жылдан бери туруктуу чет өлкөдө жашарын жүйө келтирип, сотко доо арыз менен кайрылган.

Курмашева ага каршы ачылган башка кылмыш иш боюнча 18-октябрдан бери убактылуу кармоочу жайда отурат. Ал "чет өлкөлүк агенттердин тизмесине катталбаган" деп айыпталууда. Өткөн жумада сот журналисттин камактагы мөөнөтүн 5-февралга чейин узарткан.

Радионун татар-башкыр кызматында 25 жылдан ашуун эмгектенип келген, Прагада жашаган Алсу Курмашева быйыл майда Орусияга жеке маселелерине байланыштуу барган. 2-июнда аны Чехияга кайтарда аэропортто кармап, эки паспортун тең тартып алышкан. Ал Орусиянын жана АКШнын жараны.

Курмашева өзүнө тагылган айыпты четке кагууда. "Эркин Европа/Азаттык" радиосу Курмашеванын кармалышын кескин айыптады.

Бир катар эл аралык уюмдар аны дароо бошотууну талап кылды. Мындай чакырыктарды БУУнун Адам укуктары боюнча башкы башкармалыгы, Журналисттерди коргоо комитети, АКШ Конгрессинин Өкүлдөр палатасынан тышкы иштер боюнча комитети да жасады.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG