Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 09:11

Газа: Израил менен ХАМАСтын кармашы уланууда


Газанын Хан-Юнис шаары Израилдин абадан чабуулдарынан кийин. 2023-жылдын 10-декабры. Бүгүн Израил - ХАМАС согушуна 65 күн болду.
Газанын Хан-Юнис шаары Израилдин абадан чабуулдарынан кийин. 2023-жылдын 10-декабры. Бүгүн Израил - ХАМАС согушуна 65 күн болду.

Жекшемби күнү Газа тилкесинде кандуу кармаштар уланды.

"Франс пресс" агенттигинин маалыматы боюнча, Хан-Юнисте израилдик аскерлер АКШ менен Евробиримдикте тыюу салынгани ХАМАС жана "Ислам жихады" тобу менен кыл чайнашкан кармашты жүргүзүүдө. Маалыматтар боюнча Израилдин армиясы жалпысынан абадан 250дөй сокку урду. Бутага башкы мечиттин тегереги жана жер астындагы тоннелдер алынды.

Ишембиде Израилдин премьер-министри Биньямин Нетаньяху жөөт армиясы ХАМАСты биротоло жок кылмайынча "адилеттүү согуш" улана берерин айтып, ок атышууну токтотууга чакырган Бириккен Улуттар Уюмунун Коопсуздук кеңешинин резолюциясына вето койгону үчүн АКШга ыраазычылыгын билдирди.

"Мен АКШнын БУУнун Коопсуздук Кеңешинде алган туура позициясын абдан баалайм", - деди ал видео кайрылуусунда. - "Израил ХАМАСты жок кылуу үчүн адилеттүү согушту улантат".

Ишембиде Тель-Авивде жүздөгөн израилдиктер чогулуп, ХАМАСтын барымтасындагы калган 137 адамды бошотуу талабы менен митинг өткөрүштү. Буга чейин сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгы менен бир катар израилдиктер жана палестиндер барымтадан бошотулган

Кечээ БУУнун Балдар фонду (ЮНИСЕФ) Газа тилкесиндеги миллионго жакын балдар согуштун айынан үйлөрүн таштап кетүүгө аргасыз болушканын билдирди.

"Алар суу, тамак- ашы жана коргоосу жок абалда түштүктү көздөй баратат", - деди ЮНИСЕФтин өкүлү Адель Ходр. Анын пикиринде, Газага дүйнө коомчулугу гуманитардык жардамдын көлөмүн көбөйтүүгө тийиш.

Ар кандай булактардан алынган маалыматтарга ылайык согушка чейин Газада 1,8 - 2,2 миллиондой адам жашаган.

10-декабрда Израил - ХАМАС согушуна 65 күн болду.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG