Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 07:16

Иран Махса Амининин үй-бүлөсүнө Францияга барууга уруксат берген жок


Европарламенттин имаратындагы плакат. Декабрь 2023-жыл
Европарламенттин имаратындагы плакат. Декабрь 2023-жыл

Ирандын бийлиги маркум Махса Амининин үй-бүлөсүнө Европарламенттин Сахаров сыйлыгын алуу үчүн Францияга барууга уруксат берген жок.

«Ой жүгүртүү эркиндиги» үчүн сыйлыкты тапшыруу аземине Страсбургга анын ата-энеси жана агасы чакырылган. Бирок виза алынганына карабай, Ирандын чек арачылары аларды учакка кое бербей, паспортторун алып коюшту. Эми сыйлыкты тапшырууга 13-декабрда Амининин үй-бүлөсүнүн адвокаты катышарын кабар агенттиктери жазышты.

Cыйлык ошондой эле ирандык аялдардын “Аялдар. Жашоо. Эркиндик” кыймылына ыйгарылган.

22 жаштагы студент кыз былтыр сентябрда хижаб кийүү эрежесин бузган деген кине менен кармалып, жабык жайда көз жумгандан кийин Ислам жумуриятында ири нааразылык акциялары тутанган.

Бийлик анын мээсине кан куюлганын билдиргени менен, күбөлөр Махсаны полицияда уруп-сабашканын айтып беришкен.

Укук коргоочулардын айтымында, митинг-демонстрациялар маалында 500дөн ашуун, арасында 71 киши набыт болду, жүздөгөнү жараат алды, 20 миңге жакыны камалды. Бир нече киши өлүм жазасына өкүм кылынды.

Советтик физик жана диссидент Андрей Сахаровдун ысымы менен аталган “Ой жүгүртүү эркиндиги” үчүн сыйлыгы 1988-жылдан бери адам укуктарын коргоого салым кошкон инсандар менен уюмдарга ыйгарылып келет.

Былтыр анын лауреаты Украина эли болгон. Анын мурдагы жылдары орусиялык оппозиционер Алексей Навальныйга, беларус оппозициясына, Кытайдагы уйгурлардын укуктарын коргогон окумуштуу, камакта отурган Илхам Тохтиге берилген.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG