Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Июнь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 06:10

Ошто 12 мечиттин имамы аттестациядан өтпөй калды


Ош шаарындагы мечиттердин бири. Архив
Ош шаарындагы мечиттердин бири. Архив

Ош шаарында аттестациядан өтпөй калган 12 мечиттин имамдары алмашууда. Бул тууралуу Ош шаардык казыятынан "Азаттыкка" 11-декабрда билдиришти.

Маалыматка ылайык, аттестациядан өтпөй калгандардын арасында үч диний окуу жайдын жетекчилери да бар.

"Азаттыктын" жеке булактары айрым мечиттердин имамдары мындай чечимге макул болбой, шаардык казыятка нааразылык билдирип жатканын айтты.

Казыят кайсы мечит имамдары алмаша турганын тактаган жок.

Буга чейин өлкөнүн бардык аймактарындагы мечиттерди атайын кызмат текшерип чыккан. Август айында Ош облусунда 60тай мечит-медресе убактылуу жабылган.

Кыргызстанда жалпысынан 3,5 миңден ашуун диний уюм каттоодон өткөн. Өлкөдө 2,6 миңдей мечит, 100дөй медресе, 10 ислам институту бар. (DSh)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG