Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 09:47

АКШ кыргызстандык дагы бир компанияга санкция салды


Иллюстрация.
Иллюстрация.

12-декабрда Кошмо Штаттардын Каржы министрлиги Орусиянын аскердик өндүрүшүн керектүү жабдыктар менен камсыз кылганы үчүн бир нече өлкөдөгү 150дөн ашуун адамга жана компанияга жаңы санкциясын жарыялады. Алардын арасында Кыргызстандын баш калаасы Бишкекте катталган «Вайтмэнн Хандельн Альянс» (Weitmann Handeln Allianz LLC) аттуу жоопкерчилиги чектелген коом бар.

Расмий билдирүүдө кыргызстандык бул компания Орусиянын технология тармагында иш алып барганы үчүн санкциялык тизмеге туш болгону, бул ишкана чет элдик кардарларга дароо колдонууга жарамдуу жабдыктарды жөнөтүү, логистика жана бажы документтерин даярдоо сыяктуу кызматтарды сунуштаганы белгиленген.

“Weitmann курамына автоматтык эсептөөчү машиналарды жана маалыматты сактоочу жабдыктарды камтыган жүздөгөн жүктү Орусияга жөнөткөн”, - деп айтылат АКШнын Каржы министрлигинин билдирүүсүндө.

Вашингтондун соңку санкциясына байланыштуу «Вайтмэнн Хандельн Альянс» ишканасы комментарий бере элек. Кыргызстандын Юстиция министрлигинин реестри көрсөткөндөй, бул компания 2022-жылдын 24-августунда Бишкекте түзүлгөн. Расмий сайтында компания генераторлордон тарта электроника жабдыктарына чейинки товарлардын соодасы менен алектенери, логистика багытында иш алып барары жазылган.

АКШнын Каржы министрлигинин соңку санкциялары Кыргызстандан тышкары Орусиядагы, Түркиядагы, Кытайдагы жана Бириккен Араб Эмираттарындагы ондогон ишканалары да бутага алган.

Кошмо Штаттар буга чейин да кыргызстандык беш компанияга Орусияга салынган санкцияларды буйтап өтүүгө көмөктөштү деген негизде санкция салган.

7-декабрда Кыргызстандын тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев расмий Бишкек Украинадагы согушка байланыштуу АКШ жана Европа өлкөлөрү Орусияга салган экономикалык санкцияларды сактоого даяр экенин айткан.

Август айында президент Садыр Жапаров “Кабар” агенттигине курган маегинде Кыргызстан Орусияга Батыш өлкөлөрү салган санкцияны кыйгап өтүүгө көмөктөшүп жатат деп айтууга негиз жок экенин билдирген.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG