Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Июнь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 02:42

Кувейттин эмиринин сөөгү жерге берилди


Кувейттин 86 жашында көз жумган эмири Наваф аль-Ахмед аль-Жабер ас-Сабах.
Кувейттин 86 жашында көз жумган эмири Наваф аль-Ахмед аль-Жабер ас-Сабах.

Кувейтте 86 жашында көз жумган эмир Наваф аль-Ахмед аль-Жабер ас-Сабахты акыркы сапарга узатуу зыйнаты өттү. Жекшембидеги зыйнатка көп киши чакырылган жок. Ага негизинен маркумдун жакын туугандары гана катышты.

Наваф аль-Ахмед аль-Жабер ас-Сабах бир күн мурда көз жумган. Анын өлүмүнүн себеби ачык жарыяланган жок. Өткөн айда эмир ден соолугу начарлаганы үчүн ооруканага жаткырылган.

Кувейттин он алтынчы эмири 1937-жылы 25-июнда туулган. Ал Ички иштер жана Коргоо министрликтерин жетектеп, вице-премьер-министр кызматын да аркалаган. 1990-жылы Ирак мунайга бай чакан өлкөнү басып алганда Кувейттин армиясын башкарып турган.

Ал эмирлик кызматка 2020-жылы Сабах IV каза болгондон кийин киришкен жана соңку үч жыл ичинде бир катар саясий туткундарга ырайым берген.

Эмир каза болгондон кийин бийлик анын иниси, 83 жаштагы мураскер ханзаада Мишаал аль-Ахмед аль-Жабер ас-Сабахка өтүүдө. Ал 20-декабрда парламентте ант берет.

17-декабрда кыргыз президенти Садыр Жапаров Кувейттин эмиринин дүйнөдөн кайтканына байланыштуу мураскер ханзаадага көңүл айтуу катын жөнөттү.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG