Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Декабрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 13:49

Сигрид Кааг БУУнун Газадагы координатору болуп дайындалды


Сигрид Кааг
Сигрид Кааг

АКШ бийлиги Сигрид Каагдын Бириккен улуттар уюмунун (БУУ) Газа тилкесинде гумжардам маселелери боюнча башкы координатору болуп дайындалганын маанилүү кадам деп атады.

"Кошмо Штаттар Израил менен ХАМАСтын чатагында жабыркаган палестиндиктер үчүн берилип жаткан гумжардамдын ири финансылык донору", деп жазылган Ак үйдүн шаршембидеги билдирүүсүндө.

Вашингтон Каагдын бул кызматка дайындалышын кубаттап, Газа тилкесине гуманитардык жардам агымын күчөтүү жана жүктөрдүн коопсуздугун камсыздоо үчүн кызматташууга үмүттөнөт.

БУУнун Газадагы координатору кызматы өткөн аптада уюмдун Коопсуздук кеңешинин мүчөлөрүнүн бир добушу менен түзүлгөн. Кааг Нидерландыда премьер-министрдин орун басары жана финансы министри болуп иштеген. Ал кызматынан жакында эле Газа тилкесиндеги тынч элге гуманитаржык жардам көрсөтүү үчүн БУУга көмөктөшүү максатында кеткенин CNN кабарлады.

Сигрид Кааг Палестинаны бошотуу уюмунун саясатчысы, Палестин улуттук бийлигинин Швейцариядагы элчиси, Ясир Арафаттын бийлиги тушунда министрдин орун басары болгон Анис аль-Кактын жубайы. Төрт баланын энеси.

XS
SM
MD
LG