Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Июнь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 05:40

Түркияда кыргыз келиндин өлүмүнө шектүү киши кармалды


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Түркиянын Анталия провинциясына караштуу Серик районунда токойдо көмүлгөн кыргызстандык Д.Кнын сөөгү табылды.

Бул тууралуу 27-декабрда жергиликтүү "Демирөрен" кабар агенттиги маалымдады.

Анда 25-сентябрда Анталия шаардык прокуратурасы кыргызстандык келиндин туугандары арыз менен кайрылганы, ошондон бери издөө иштери жүрүп жатканы айтылат.

Полиция дайынсыз кеткен аялдын уюлдук телефонуна келген чалууларды текшерип, шектүү кишини суракка алган. Серик районунун тургуну Э.Б. кыргыз аял анын таанышы болгонун, анын үйүнө келгенин, эртең менен өзү каза болгонун, аялдын сөөгүн жерге көөмп салганын айтып, күнөөсүн мойнуна алган.

Полиция 27-декабрда айтылган жерди казып, Д.К.нын сөөгүн тапкан.

Келиндин өлүмүнө айыпталган кишиге "атайылап адам өлтүрүү" беренеси менен кылмыш иши ачылганы жана тергөө абагына камалганы кабарланды.

2023-жылдын башынан бери чет өлкөлөрдөн мекенине 530 кыргызстандыктын сөөгү алып келингенин Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин басма сөз кызматы "Азаттыкка" кабарлаган.

Алардын басымдуу бөлүгү Орусиядан алып келинсе, калгандары Түштүк Кореядан, Түркиядан, Казакстандан алып келгендер. Бул үчүн мамлекеттен 57 млн 610 миң сом бөлүнгөн.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG