Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Июнь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 06:53

УКМК “УСТА” базарынын коммерциялык директорун кармады


“УСТА” базарынын коммерциялык директору. УКМК тараткан сүрөт.
“УСТА” базарынын коммерциялык директору. УКМК тараткан сүрөт.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети (УКМК) Бишкекте курулуш материалдары сатылган “УСТА” базарында ижарачылардан келишимде көрсөтүлбөгөн акча чогултуу жана салыктан качуу фактылары аныкталганын билдирди.

Атайын кызматтын маалыматына ылайык, “ар бир ижарачыдан ай сайын беш миң сомдон 50 миң сомго чейин мыйзамсыз акча жыйнаган” деген шек менен базардын коммерциялык директору кармалды.

Ижараны 30% төмөндөтүү боюнча жетишилген макулдашууларга карабай, базардын администрациясы кошумча каражат жыйнаганы, базар жетекчилиги көп суммада салык жана башка милдеттүү төлөмдөрдү төлөөдөн качканы аныкталганы кабарланды.

Тергөөнүн жүрүшүндө 7-январда “УСТА Билдинг” ишканасынын коммерциялык директору (М.М.М.) кармалып Бишкек шаардык милициясынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Базардын жетекчилиги менен шектүүнүн адвокаттары комментарий бере элек.

Былтыр 6-декабрда Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиев “базарлардын ээлери соодагерлерге шарт түзбөсө, ижара акыларын төмөндөтпөсө, базарларды мамлекетке өткөрүүгө саясий эрк жетиштүү” деп билдирген.

Бул окуядан кийин Кыргызстандагы бир катар базар ээлери видео кайрылуу жолдоп, ижара акыларын төмөндөткөнүн билдирген. (BTo)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG