Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 02:40

Ташов УКМК акча талап кылганын билдирди, Ташиев ага жооп берди


Камчыбек Ташиев, Имамидин Ташов. Коллаж сүрөт.
Камчыбек Ташиев, Имамидин Ташов. Коллаж сүрөт.

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиев ишкер Имамидин Ташовдун кайрылуусуна комментарий берди. Бул тууралуу ал 10-январда Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Мейкинбек Абдалиевдин суроосуна жооп берип жатып айтты. Ал буга чейин Ташов негиздеген “KG групп” компаниясы Бишкекке салган үйдүн жашоочулары имараттын документи бүтпөй, кызыл китеп ала албай жатышканын айтып УКМКга кайрылышканын, мунун негизинде Ташов камакка алынып, 52 миллион сом төлөп бергенин билдирди:

“Ал 52 миллион сомду бизге эмес, Бишкек шаарына төлөп берди. Ал кайрылуусунда "100 миллион сомду атайын кызматтын кызматкерлери сурады" деп жатат. Биз соттун чечими менен анын башкалар менен сүйлөшкөнүн жаздырып алганбыз. Ташов тергөө абагында отуруп алып Тилекмат Куренов менен сүйлөшүп, Кыргызстанда төңкөрүш кылууну пландап жатышат. Бир канча күн сүйлөштү. Ага карабай 52 млн сом төлөгөндөн кийин Ташовду чыгарып, байкап жаттык. Кийин ушул видеосу жарыяланып жатат. Биздин кызматкерлер сүйлөшүүнү жаздырып алган экен, ал жерде Куренов “100 миллион деп коё бер, эл ишене берет” деп жатат”.

Ташиев бул кайрылуусунан кийин Имамидин Ташовго издөө жарыяланганын, ал баары бир кармалып, “төңкөрүш жасоого аракет кылганы үчүн” жоопко тартыларын билдирди.

Сөз болгон Тилекмат Кудайбергенов - чет өлкөдө жүргөн активист. Ал социалдык тармактар аркылуу бийликтин ишин сындап келет.

9-январда социалдык тармактарга ишкер, “KG групп” компаниясынын негиздөөчүсү Имамидин Ташовдун кайрылуусу жарыяланган. Анда былтыр 27-декабрда УКМКнын кызматкерлери күч менен алып кетип, сегиз күн белгисиз жерде кармап турушканын айткан.

“Ошол маалда тууну алмаштырууга каршы флешмобдор, тынч митингдер уюштурулуп жаткан. Мен дагы ошого өз салымымды кошсом деген ниетим үчүн мени кармап жатышты. Муну менен эле токтоп калбай, ар кандай нерселер менен коркутушту. Компанияга кол салып, бардык мүлкүн камакка алабыз, жакындарыңа залака тийип калышы мүмкүн деп коркутуп көрүштү. 52 миллион сом төктүрүп, ал аз келгенсип “сол чөнтөккө 100 миллион бересиң” деп араң чыгарышты. Өзүңүздөр билгендей, биздин канчалаган кесиптештер, куруучулар камалып, “кусуп” чыгышты”, - деген Ташов.

Ал өлкөдө ишкерлер куугунтукка алынып жатканын, бул инвестициялык климатка терс таасир тийгизерин белгилеген.

УКМК Ташовдун 27-декабрда кармалганы тууралуу маалымат бере элек.

Атайын кызмат 27-октябрда Ташов муниципалдык менчикти мыйзамсыз берүүгө жана пайдаланууга байланыштуу козголгон кылмыш ишинин негизинде кармалганын, ал Бишкек шаарында бала бакчага бөлүнгөн жерге көп кабаттуу эки үйдү мыйзамсыз курууга айыпталып жатканын билдирген.

Кийин ал зыяндын ордун он батир жана 52,4 миллион сомдук коммерциялык жайды муниципалдык мекемеге өткөрүп берип толтурганы кабарланган. Ошондон кийин былтыр 8-декабрда Бишкектин Биринчи май райондук соту аны үй камагына чыгарган.

Имамидин Ташов соңку президенттик шайлоого катышкан жана анда шайлоочулардын добуштарынын 1,19% алган.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG