24-январда Аламүдүн райондук сотунда жазуучу жана публицист Олжобай Шакирдин (Олжобай Эгембердиев) иши боюнча соттук отурум болбой калды.
“Азаттыкка” анын адвокаты Акмат Алагушев билдиргендей, буга Шакирдин тергөө абагынан сот залына жеткирилбегени себеп болгон.
Анын себеби айтылган эмес. Адвокаттын маалыматына караганда, Олжобай Шакир ушуну менен төртүнчү ирет соттук отурумга алынып келинген жок. Кийинки процесс 29-январга белгиленди.
Буга чейинки отурум 9-январда өтүп, Олжобай Шакирдин социалдык түйүндөргө жазган билдирүүлөрүнө экспертиза жасаган адис көрсөтмө берген.
Ал былтыр 23-августта кармалган. Ага карата Кылмыш-жаза кодексинин 278-беренеси (“Массалык башаламандыктар”) менен иш козгогон. Ошондон бери УКМКнын тергөө абагында отурат.
6-декабрда айыбы угузулуп, прокурор Шакирди интернетте адамдарды "жапырт башаламандыкка чакырган постторду бай-байма жарыялап келгенин, "булардын тизгинин кагыш керек" деген сөзү азыркы бийликтин кадыр-баркына шек келтирген, коомдук коопсуздукка карата оор кылмыш жасаган" деп билдирген.
Олжобай Шакир коюлган айыпка макул эместигин айткан. Буга чейин ал үч жолу сот отурумуна алып келинбей, жараян жылдырылган. Кийинки отурум 19-январга белгиленди.
Жазуучу камалганга чейин президент Садыр Жапаров менен Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин (УКМК) төрагасы Камчыбек Ташиевди дебатка чакырган. 31-августта онлайн митинг өткөрүү тууралуу демилге көтөргөн. Ал онлайн-митинг калайман башаламандык уюштурууну билдирбесин белгилеген.
Олжобай Шакир 2017-жылы “РухЭш” коомдук агартуу багытындагы сайтты негиздеп, иштетип келген.