Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Июнь, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 15:52

Орусияда интернет үзгүлтүккө учурады, бул тарыхтагы эң ириси деп бааланууда


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Шейшемби күнү кечинде Орусияда интернет үзгүлтүккө учурады. Эксперттер муну акыркы жылдарда өлкө тарыхындагы эң ири көрүнүш болушу мүмкүн деп баалап жатышат. Интернет колдонуучулар бир нече саат RU домендик зонасына кирген жүздөгөн сайттарды, тиркемелерди, Яндекс, Сбербанк, ВКонтакте, Ozon жана мамлекеттик кызмат көрсөткөн порталдарды ача алган эмес. Бул сайттарды Орусиянын ичинде эле эмес, чет өлкөдөгү колдонуучулар дагы ача албай калышкан.

Орусиянын Санарип министрлиги мүчүлүштүк DNS протоколун кеңейтүү топтомуна байланыштуу техникалык көйгөйдөн улам келип чыкканын билдирүүдө. Бул кеңейтүү RU домендик аймагындагы IP-даректерге кибер чабуулдарды алдын алууну кепилдей турганы айтылган. Аталган мекеме жакын арада орус сайттарына кирүү мүмкүнчүлүгүн калыбына келтирүүнү убада кылды.

Бир катар эксперттер орус бийликтери өлкөдөгү бардык колдонуучуларды улуттук DNS серверине өткөрүү планын көптөн бери жарыялап келгенин белгилешкен. Алар ушул тапта аталган иш жасалып жатат деп божомолдошууда.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG