Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 22:47

Орусияда абакта жаткан 500гө жакын кыргыз жараны өлкөгө которулуудан баш тартты


Орусиядагы түрмөлөрдүн бири.
Орусиядагы түрмөлөрдүн бири.

Башкы прокурор Курманкул Зулушев Тышкы иштер министрлигинин (ТИМ) маалыматына таянып, ушул тапта чет өлкөлөрдө Кыргызстандын 1452 жараны абактарда жазасын өтөп жатканын билдирди.

Ал Бишкекте өтүп жаткан басма сөз жыйынында алардын ичинен 1167 адам Орусиядагы түрмөлөрдө экенин айтты. Курманкул Зулушев аларды мындан ары жазасын Кыргызстандын абактарында өтөө үчүн өлкөгө өткөрүп алуу иштери жүргүзүлүп жатканын, анын алкагында Орусиядан 74 киши, Казакстандан беш адам которулганын, дагы 42син алып келүү иштери жүрүп жатканын кабарлады.

“Орусияда соттолгон 494 адам өз мекенинде жаза өтөөдөн баш тарткан. Алардын баш тартканынын негизги себептери – үй-бүлөлөрү Орусияда жашайт. Мындан сырткары абакта эмгектенип кандайдыр бир каражат алып чыгат экен”, - деди ал.

Кытайда, Бириккен Араб Эмиратында, Беларуста, Литвада, Италияда, Германияда жана Грузияда да ар кандай кылмыш жоопкерчилигине тартылган кыргыз жарандары абактарда жатат.

Орусияда абакка кесилгендердин көбү баңгизат ишине байланыштуу айыпталгандар. Кыргызстандын Тышкы иштер министрлигинин маалыматына караганда, Орусияда мыйзамсыз маңзат ташуу боюнча 2020-жылы 191, 2021-жылы 324, 2022-жылы 614 кыргыз жараны абакка кесилген. (BTo)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG