Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 17:18

Боршайком депутат Эмил Жамгырчиевди мандатынан ажыратты


Эмил Жамгырчиев.
Эмил Жамгырчиев.

Борбордук шайлоо комиссиясы (БШК) 2-февралдагы отурумунда Жогорку Кеңештеги “Альянс” фракциясынын депутаты Эмил Жамгырчиевдин депутаттык ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу боюнча чечим кабыл алды. Маалыматка ылайык, Эмил Жамгырчиев мандатын тапшыруу боюнча өзү арыз жазган.

Боршайком ушул эле күнү Токтобүбү Оргалчаны “Альянс” cаясий партиясынан Жогорку Кеңештин депутаттыгына катталган талапкерлердин тизмесинен чыгарды.

24-январда Бишкектин Биринчи Май райондук соту Эмил Жамгырчиевдин бөгөт чарасын карап, аны 26-февралга чейин Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин тергөө абагына камакка алган.

Былтыр 27-декабрда башкы прокурор Курманкул Зулушев Эмил Жамгырчиевди кылмыш жообуна тартууга уруксат сураган. Ага Кылмыш-жаза кодексинин “Мамлекеттик чек арадан мыйзамсыз өтүү” беренеси менен иш козголгон.

10-январда парламент Эмил Жамгырчиевди кылмыш жоопкерчилигине тартууга уруксат берген.

Токтобүбү Оргалчанын ысымы 2021-жылдагы парламенттик шайлоодо аталган. Борбордук шайлоо комиссиясы анда партиялык тизме менен шайланып келген талапкерлер арасында 30% гендердик квота кандай сакталары тууралуу жобосун чукул өзгөрткөн. Анын негизинде “Альянс” партиясынан Жанар Акаевдин ордуна Токтобүбү Оргалчаны депутат кылып каттаган. Бул коомчулукта талаш-талкуу жаратып, сот БШКнын чечимин мыйзамсыз деп тапкан.

Былтыр 31-октябрда “Шыдыр Жол Кей Жи” компаниясынын негиздөөчүсү, ишкер Токтобүбү Оргалча алдамчылыкка шек саналып кармалып, үй камагына чыкканы белгилүү болгон. (BTo)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG