Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Октябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 22:06

Чилиде токойлор өрттөнүүдө, ондогон адамдын өмүрү кыйылды


Чили. 2024-жылдын 3-февралы.
Чили. 2024-жылдын 3-февралы.

Чилиде токойлордон башталган өрттүн айынан бир нече аймакта жалпысынан 51 адам каза болгонун, дагы жүздөгөн адамдын дайыны табылбай жатканын өлкө бийлиги билдирди. Президент Габриэл Борич 3-февралда кабарлагандай, каза болгондордун саны мындан да көп болушу ыктымал, анткени өрт дагы эле толук өчүрүлө элек.

Жалпысынан 150дөй өрт кырсыгы 21 миң гектардай аянтты каптады. Айрыкча борбор калаа Сантьягодон 120 чакырым аралыкта, Тынч океандын жээгинде жайгашкан Винья-дел-Мар курорттук шаары жабыркады.

Табият кырсыгы апаат деп мүнөздөлүп, өлкөнүн борбордук жана түштүк аймактарында өзгөчө кырдаал жарыяланды.

Чили Түштүк Американын түштүк тилкесинде жайгашкан өлкө. Бул аймакта азыр абанын температурасы 40 градустан ашып, кургакчылык өкүм сүрүүдө. (RK)

XS
SM
MD
LG