Израил армиясы бүгүн 9-февралда да Газа секторуна адам өлүмүнө алып келген авиа соккуларын улантканын Reuters маалымат агенттиги билдирди. Бул чабуулдар АКШ президенти Жо Байден Израилдин былтыркы октябрдагы окуя үчүн ХАМАС тобуна (АКШда жана Европа Биримдигинде террордук деп таанылган) жооп катары жүргүзүп жаткан операциясын “ашкере” деп атагандан бир нече саат өткөндөн кийинки аралыкта жасалды.
Былтыр 7-октябрда ХАМАС тобу Газа секторунан Израилдин аймагына кол салып, 1200дөй адамды өлтүргөн, дагы жүздөгөн адамды барымтага алып кеткен, алардын жарымына жакыны бошотула элек. Жөөт армиясы бул үчүн Газага кирип, аскердик операциясын баштаган. Сектордун ХАМАС көзөмөлдөгөн саламаттык сактоо мекемеси бүгүнкү күнгө карата ал жакта 27 миңдей жай тургундун өмүрү кыйылганын айтууда.
АКШ баштаган бир нече өлкө ортомчулук кылып, тынчтык сүйлөшүүлөрүн жүргүзүп келе жатышат. Кошмо Штаттардын мамлекеттик катчысы Энтони Блинкен Жакынкы Чыгыштагы бир катар араб өлкөлөрүн операция башталгандан бери бешинчи жолу кыдырып чыкты.
Январдын соңунда Франциянын борбору Парижде АКШ, Катар, Египет жана Израил өкүлдөрүнүн жолугушуусу өткөн. Анда Газадагы атышууну токтотуу жолдору талкууланган.
7-февралда ХАМАС атышууну токтотуу тууралуу 4,5 айлык планын ортомчуларга берген. Анда барымтадагыларды бошотуу шарттары да жазылган.
8-февралда Израилдин премьер-министри Биньямин Нетаньяху бул планды четке кагып, Израил жеңишке жакындап калганын айткан.
Израилдин башкы союздаштарынын бири АКШ палестиндердин өз мамлекети түзүлмөйүнчө бул аймакта тынчтык орнобой турганын белгилеп келет.
Палестин мамлекетин таанууга багытталган айныксыз кадамдар жасалышы керек деген оюн 8-февралда Сауд Арабиясы уюштурган сүйлөшүүлөрдө Египеттин, Катардын, Бириккен Араб Эмирликтеринин жана Иорданиянын башкы дипломаттары да белгилешкени кабарланды.
Израилдин премьер-министри Биньямин Нетаньяху израил бийлиги келечекте Иордан дарыясынын батыш жээгиндеги жана Газа тилкесиндеги коопсуздукту өзү гана көзөмөлдөрүн жана АКШнын чакырыктарына карабастан Палестин автономиясынын башкаруусуна макул болбой турганын билдирген. Ал Газанын «Израил мамлекетин жок кылууга үндөбөгөн, Израилге террористтерди жөнөтпөгөн» жарандык бийлигин гана тааный турганын кошумчалаган. (RK)