Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Июнь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 03:10

Коомдук ишмер Райкан Алкановдун сөөгү Таласка коюлду


Райкан Алканов.
Райкан Алканов.

Коомдук ишмер Райкан Алкановдун сөөгү 9-февралда өзү туулуп-өскөн Талас районунун Арал айылында жерге берилди. Бул тууралуу облустук акимчиликтен билдиришти.

Райкан Алканов 6-февралда 91 жашында Германияда дарыланып жаткан учурунда көз жумган.

Ал 1997-жылы Бишкектеги Алканов базарын негиздеген. 2010-жылы “Бүтүн Кыргызстан” партиясы менен парламенттик шайлоого катышкан.

Алканов бокс боюнча спорттун чебери жана Кыргызстандын бокс жана каратэ федерацияларынын ардактуу президенти. Андан сырткары “Көк-Бөрү” федерациясын жетектеген. Улуттук олимпиада комитетинин мүчөсү болгон.

“Даңк” медалынын жана башка эл аралык сыйлыктарды алган. Соңку жылдары меценат катары таанылып, өлкөдөгү спорттук маданий иш-чараларга демөөрчүлүк кылып келген. (MKt)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG