Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Июнь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 08:24

Ошто дарыгерлерди сабаган деп кармалган адам үй камагына чыкты


Үй камагына чыгарылган шектүү. Ош шаардык Ички иштер башкармалыгы тараткан сүрөт.
Үй камагына чыгарылган шектүү. Ош шаардык Ички иштер башкармалыгы тараткан сүрөт.

Ош шаарында дарыгерлерди сабаган деген шек менен кармалган 33 жаштагы адам үй камагына чыкканы белгилүү болду. Маалыматты “Азаттыкка” Ош облустук сотунун басма сөз кызматы ырастап, мындай токтомду шаардык сот 6-февралда чыгарганын билдирди.

Ал 4-февралда кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген. Ага каршы дарыгерлер арыз жазып, Кылмыш-жаза кодексинин “Бейбаштык” беренеси менен кылмыш иши козголгон.

Токмоктолгону айтылган дарыгерлерге соттук-медициналык экпертиза дайындалган.

Ош облустук Психиатрия жана наркология борборуна келген адам ал жердеги иштегендерди урганы тартылган видео жекшембиде социалдык тармактарда тараган. Айрым булактарда ал өзүн милиция кызматкери деп тааныштырганы айтылган. Шаардык ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы ал азыр органда иштебей турганын, 2023-жылдын мартына чейин Ички аскер бөлүгүндө кызмат өтөгөнүн билдирген.

Баштапкы маалыматтарга ылайык, шектүү окуядан бир күн мурун агасын аталган жайга дарылоо үчүн жаткырган. Эртеси күнү “бир тууганыма жакшы карабай жатасыңар” деп, дарыгерлер менен жаңжалдашкан.

Шектүүнүн жакындары менен адвокаты комментарий бере элек.

Кыргызстанда дарыгерлер бейтаптардын туугандарынын ур-токмогуна кабылган окуялар буга чейин да болгон. (BTo)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG